Ооганстан Өзбекстанга электр энергиясы үчүн карызын төлөдү

Ооганстанда тартылган сүрөт.

Ооганстандын Da Afghanistan Breshna Sherkat энергетикалык компаниясы 2021-жылы Өзбекстандан алган 2 151,3 миллион кВт/саат электр энергиясы үчүн карызын толугу менен төлөп берди. Бул тууралуу Өзбекстандын Энергетика министрлиги билдирди.

"Өзбекстандын улуттук электр түйүндөрү" акционердик коому менен Da Afghanistan Breshna Sherkat компаниясынын ортосунда түзүлгөн келишимге ылайык, Ташкент быйыл Кабулга 2 210,0 миллион кВт/саат электр энергиясын жеткирет.

2022-жылдынмай айында Ооганстандын Энергетика жана суу ресурстары министри Ахтар Мухаммад Нусрат өлкө Өзбекстан менен Тажикстанга электр энергиясы үчүн бери дегенде эле 100 миллион доллар карыз экенин билдирген. Анын айтымында, буга Украинадагы согуштан улам Борбор Азия өлкөлөрүнүн банктарына акча которууда маселе жаралгандыгы себеп болгон.

Өзбекстандын Энергетика министрлигинин 1-августтагы билдирүүсүндө бул маселе кандай чечилгени тууралуу эч нерсе жазылган эмес.

Дагы караңыз

Тоолуу аймактарда сел жүрүшү мүмкүнЧолпон-Атада Араб координациялык тобунун төртүнчү жыйыны өтөтТөкмө акындардын медиасабаттуулукка арналган айтышынын финалы болотЫсыктан улам электр энергиясын колдонуу жогорку чекке жетти