Орусия Украинанын түштүк аймагында чабуулдарын кайра жандантты

Орусиянын аскерлери талкалаган украин турак-жайлары. Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын аскерлери Украинанын түштүгүндөгү Кривой Рог жана Николаев шаарларына басып кирүү үчүн кеминде 22 миң аскерди даярдады. Бул тууралуу чалгын маалыматтарга таянуу менен Украинанын президентинин кеңешчиси Алексей Арестович Телеграм каналында кабарлады.

Ал “баскынчыл күчтөрдү жетиштүү көлөмдөгү украин күчтөрү тосуп аларын, душмандын мизи кайтарыларына” ишенерин кошумчалады.

Украинанын Башкы штабы да өз билдирүүсүндө орус күчтөрү орун алмаштырып, түштүк облустардагы багыттарда позицияларын чыңдоого аракет кылып жатканын маалымдады. Орус тарап Днепр дарыясынан өтүү үчүн талкаланган көпүрөлөрдү калыбына келтирүүгө аракет кылып жатат.

Днепропетровск облусунун башчысы Валентин Резниченко соңку суткада орус тарап аймактагы Синельников жана Кривой Рог райондору артиллериядан аткыланганын билдирди. 2-августтун таңында Николаев шаарында катуу жардыруулар катталып, бир нече адам жараат алды.

Украин президенти Владимир Зеленский да соңку кайрылуусунда түштүк тарапта алар дагы контрчабуулдарды күчөтөрүн айтты.

"Өткөн суткада согуш талаасында олуттуу өзгөрүүлөр болгон жок. Донбасста, Харьковдо айыгышкан кармаш, өлкөбүздүн түштүк аймагы үчүн күрөш уланып жатат. Украин артиллериясы жана чалгын кызматы баскынчылардын мизин кайтаруу үчүн көп нерсе жасашты, анын жыйынтыгы сезиле баштады", – деди президент.

Орусиянын аскерлери президент Владимир Путиндин буйругу менен 24-февралда Украинанын аймагына басып кирген. Аскердик кол салуунун максатын ал Украинаны "денацификациялоо" жана "демилитаризациялоо" деп атаган, бирок анын жөнүн так түшүндүргөн эмес.

Согуш башталган беш айдан бери Украинада миңдеген, айрым эсептер боюнча он миңдеген жайкын тургундар каза болду. Эки тараптын кагылышуусунан миңдеген аскерлер кырылды. (ErN)

Дагы караңыз

ТИМ БУУнун таза аба боюнча резолюциясын колдой турганын жарыяладыАКШнын соту Капитолийди басып алуу боюнча катаал өкүм чыгарды“Аялдардын жана балдардын укуктары үчүн” кыймылы президентке кезектеги кайрылуусун жолдодуУкраина АКШдан жалпы 16 даана HIMARS системасын алды