Чолпон-Атада жаштардын форуму өтөт

Коомдогу талылуу маселелерди жаштар көтөрүшөт. 2020-жылдын 10-марты. Бишкек, Кыргызстан

12-августта Ысык-Көл облусундагы Чолпон-Ата шаарында жаштардын эл аралык "Кыргызстан -2022" саммити өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.

Маалыматта айтылгандай саммиттин темасы "Заманбап жаштардын ишмердүүлүгү: азыркыдан келечекке" деп аталып, анда гуманитардык, маданият, билим берүү, коомдук-саясий кызматташтык маселелери талкууланат.

Иш-чарага Кыргызстан, Орусия, Казакстан, Өзбекстан, Түркия, Азербайжан, Венгрия сыяктуу айрым мамлекеттерден 200дөй жаш лидерлер катышмакчы. Алар экологиялык коопсуздук - туруктуу өнүгүүнүн фактору, ишкердикти өнүктүрүүдө жаштардын ролу, дүйнөлүк саясатта жаштар, глобалдык деңгээлдеги коммуникация жана социалдык медиа деген темаларда пикир алмашып, өз позицияларын аймакчы.

Кыргызстанда азыркы тапта калктын саны 6, 7 миллион киши, анын үчтөн экиси айыл жеринде жашайт. 15 жашка чейинкилер калктын 30 пайызын түзөт. Кыргызстанда жашагандардын орточо курагы 27,5 жаш. 2030-жылга карата калктын жалпы саны 7,5 миллионго жетиши мүмкүн, ага жараша жаштардын саны өсөт.