№27 колонияны кайтарган катардагы аскер кызматкеринин өлүмү иликтенүүдө. Мамлекеттик жаза аткаруу кызматы ал өзүн өзү аткан деп билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, окуя 29-июлда эртең менен саат 08:30 чамасында болгон.
“№27 түзөтүү мекемесинин кароолчу бөлүгүндө катардагы жоокер А.К.С. өзүнө бекитилген куралдан ок чыгарып, натыйжада алган жараатынан ошол жерден каза болгон”.
Бул абак Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Молдовановка айылында жайгашкан.
Окуянын чоо-жайын Аскер прокуратурасы териштирип жатат.
Былтыр сентябрда Чүйдүн Жаңы-Жер айылындагы №19 колонияда аскер кызматын келишимдик негизде кинолог болуп өтөп жаткан 20 жаштагы аскер октон каза болгон. Окуяга байланыштуу "Өзүн өзү өлтүрүүгө жеткирүү" беренеси менен иш козголгон. 2019-жылы Кыргызстанда аскерде жүрүп каза болгон 13 жоокердин өлүмү суицид катары бааланган. 2018-жылы 17 аскер кызматкери өз жанын кыйганы кабарланган. Бул окуялардын дээрлик баарында жоокерлердин жакындары алардын суицидге барганына ишенбей, өз жүйөлөрүн жана далилдерин келтиришкен. (RK)
Дагы караңыз
"Бир жылда 30%". Бишкекте батир ижарасы кымбаттады Сотко алынып келинген блогер Адилет Балтабай күнөөсү жоктугун айтты30-июлга аба ырайы: айрым аймактарда нөшөрлүү жаан жаайтКиреше бербеген мамлекеттик ишканалар жоюлат