Шашылыш билдирүү
2022-жылдын 29-31-июлунда температуранын жогорулашына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоо этектеринде жана тоолуу райондордо сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт. Бул тууралуу аба ырайын аныктоочу мамлекеттик ишканадан билдиришти. Маалыматка караганда Ысык-Көл облусунун дарыяларында анын нугуна жанаша жайгашкан аймактардын жээктерин, жайылма жерлерди суу каптап, жууп кетиши мүмкүн.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 17...22, күндүз 27…32;
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн 2...7, күндүз 23…28;
Талас жергесинде түнкүсүн 11...16, күндүз 23…28;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 18…23, күндүз 29…34;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 10...15, күндүз 25...30;
Нарын облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 25…30;
Бийик тоолордо түнкүсүн - 1… + 4, күндүз 12…17 градус.
Бишкекте түнкүсүн да, күндүз да өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын түнкү температурасы 20…22 градус, күндүз 30…32 градус болот.
Чолпон-Ата шаарында өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетмекчи. Абанын түнкү температурасы 14…16 градус, күндүз 26…28 градус жылуу болот.
Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде суунун температурасы 29-июлда күндүзгү саат 12:00де 23,5 градус болду.