Эстония орус жарандарына узак мөөнөттүү студенттик виза жана туруктуу жашоо уруксатын бербөө тууралуу мыйзамды жактырды. Бул тууралуу расмий маалыматка шилтеме менен Би-Би-Си жазды.
Эстон өкмөтүнүн сайтында жарык көргөн билдирүүдө мындан ары келишим менен иштөө үчүн орус жана беларус жарандары буга чейин берилген визалардын негизинде гана кире алары айтылат.
Тышкы иштер министри Урмас Рейнсалунун айтымында, Орусия Украинага ачкан согуш ал өлкөнүн аймактык бүтүндүгүн, суверенитетин жана көз карандысыздыгын одоно бузуу менен катар Эстонияга, бүтүндөй Евробиримдикке коркунуч жаратат.
«Санкциялар Орусиянын агрессиясын токтотууга жардам берсе, ал биздин коопсуздугубузга да оң таасирин тийгизет», - деп айтты министр.
Июндун аягында Чехия Орусия жана Беларус жарандарына виза жана туруктуу жашоо уруксатын берүүгө салынган тыюуну эмки жылдын мартына чейин узарткан.
Дагы караңыз
Слоткин: Орусия урушта чоң жоготууга учурады"Жалал-Абад" санаториясынын мурдагы жетекчиси камалдыБалдар омбудсмени эки кылмыш ишти өз көзөмөлүнө алдыОрусиянын тышкы иштер министри Лавров Ташкентке барды