Украинанын Коопсуздук кеңешинин катчысы Алексей Данилов 27-июлда билдиргендей, өлкөнүн түштүгүндө, анын ичинде украин аскерлери контрчабуул баштаган аймактарда, орус аскерлери ордун алмаштыруу жана кошумча күчтөрдү тартуу боюнча масштабдуу аракеттерди көрүүдө. Киевдин билдиришинче, украин аскерлеринин контрчабуулу алдыга жылууда.
27-июлда Херсон аймагында Орусия басып алган шаардагы Антонов көпүрөсү жабылганын орус тарап билдирген. Эки тараптын расмий өкүлдөрү көпүрөгө украин аскерлери ракеталык сокку урушканын тастыкташты.
Москва колдогон жикчилер Украинанын Светлодарск шаарындагы ири көмүр электростанциясын Вагнер тобунун жардамы менен өз көзөмөлүнө алганын жарыялашкан. Украинанын президентинин кеңешчиси Алексей Арестович муну анча чоң эмес тактикалык артыкчылык деп атаган.
Орусия Украинага быйыл 24-февралда кол салган. (RK)
Дагы караңыз
АКШ Орусияда абакта отурган эки жараны боюнча олуттуу сунуш берилгенин билдирди Кумтөр: коруктун аймагынан алтын казылабы?27 миң мигрант "кара тизмеден" чыгарылат"Сбербанкка" саякат жана санкция санаасы