Украин армиясы стратегиялык Антонов көпүрөсүнө сокку урулганын бышыктады

Антонов көпүрөсү украин аскерлеринин соккусунан кийин. Херсон облусу, 20-июль, 2022-жыл

Украин куралдуу күчтөрүнүн өкүлдөрү түштүктөгү стратегиялык Антонов көпүрөсүнө сокку урулганын бышыктап, орус аскерлери басып алган Херсон облусунда алга жылып жатышканын билдиришти.

Анын алдында Херсон облусунун оккупациялык бийлигинин жетекчи орун басары Кирилл Стремоусов украин армиясы 27-июлга караган түнү Антонов көпүрөсүн аткылагандан кийин ал жол жабылганын, сокку HIMARS системасынан урулганын айткан.

Украин армиясынын түштүк аймактардагы штабынын басма сөз катчысы Наталия Гуменюк: “Көпүрөгө сокку урулган, дүрмөт өтө таамай атылган”, - деп жергиликтүү телеканалдан билдирди.

Орус күчтөрү көзөмөлгө алган стратегиялык көпүрө аркылуу алар Днепрдин оң жээгиндеги аскерлерин каруу-жарак менен камсыз кылып келатат. Британ чалгынчылары күндөлүк бюллетинде белгилегендей, Херсон облусундагы салгылашууларда дарыянын эки жагын байланыштырган жолдор негизги фактор болорун болжолдойт.

Буга чейин да украин жоокерлери сөз болгон көпүрөнү аткылагандан кийин ал жүк ташуу үчүн жабылган.

27-июлда Москва колдогон жикчилдер Кремлге байланышы бар Вагнер тобунун жалданма согушкерлеринин жардамы менен Светлодарск шаарынын жанындагы Украинанын экинчи ири жылуулук станциясын ээлеп алышканын маалымдашты. Бул кабарды көз карандысыз булактар тарабынан текшерүү кыйын. Британиянын Коргоо министрлиги украиналык айрым аскерлер аймактан чегингенин билдиргени менен “вагнерчилер” станцияны көзөмөлүнө алды деген кабарды ырастаган жок.

Дагы караңыз

Владимир Зеленскийге Уинстон Черчилл атындагы сыйлык ыйгарылдыИран Орусияны учак тетиктери менен камсыздайтАраб өлкөлөрүнө жаңы авиа каттамдар ачылуудаБишкекте Юрий Низовскийди колдоо митинги өтүп жатат