Иран Орусияны учак тетиктери менен камсыздайт

Москвадагы Шереметьево аэропорту. Иллюстрациялык сүрөт

Иран өзүндө чыгарылган учак тетиктерин жана башка жабдыктарды Орусияга экспорттойт. Бул тууралуу ирандык бир катар агенттиктери жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, макулдашууга ислам жумуриятынын Жарандык авиация уюмунун жетекчиси Мохаммад Мохаммади-Бахш жана Орусиянын транспорт министринин орун басарынын ортосунда өткөн жолугушууда жетишилди. Москванын өкүлүнүн аты аталган жок.

Тараптар ошондой эле Иран орустардын учактарын ремонттоого жардам берет деп сүйлөшүштү.

IRNA жана MEHR агенттиктери маалымдагандай, 26-июлда Тегеранда өткөн кездешүүдө жарандык авиация жаатындагы келишимдерге жетишилди, эки өлкө ортосунда аба каттамдары көбөйтүлмөй болду.

Орусиянын ТАСС агенттиги жетекчилер эки тараптуу байланыштарды өөрчүтүү жөнүндө макулдашканын жазды.

19-июлда орус президенти Владимир Путин Тегеранда Ирандын лидерлери менен жолугуп кеткен.

Батыш киргизген санкциялар орус авикомпанияларына учактарды, тетиктерди жана жабдыктарды сатууга тыюу салган. Ал эми Иран өзөктүк программасына байланыштуу көп жылдан бери эл аралык катаң санкциялардын шартында жашап келатат.

Тегеран өзөктүк ишмердиги тынч максаттарды гана көздөй турганын айтууда.

Дагы караңыз

Араб өлкөлөрүнө жаңы авиа каттамдар ачылуудаБишкекте Юрий Низовскийди колдоо митинги өтүп жататЕврошаркеттин соту орусиялык RT France телеканалына салынган тыюуну колдодуКыргызстанда CASA-1000 долбоорунун курулушу уланууда "Сбербанкка" саякат жана санкция санаасы