Евробиримдиктин соту орусиялык RT France телеканалынын доо арызын четке какты. Мартта каналга “дезинформация тараткандыгы” үчүн тыюу салынган.
Шаркет Орусиянын Украинага каршы толук масштабдуу согушуна байланыштуу бурмаланган маалымат берүүдө деген негизде 1-марттан тарта орус мамлекеттик каражаттарын өз аймагында чектеген.
RT каналынын башкы редактору Маргарита Симоньян ошондо биримдикти сөз эркиндигин бузууда, согуш жөн гана “ыңгайлуу шылтоо” деп айыптаган.
27-июлдагы чечиминде Люксембургдагы сот биримдиктин чаралары туура кабыл алынган, RT France каналынын эркиндигин чектебейт деп белгиледи.
Кремль каржылаган Russia Today 2005-жылы ачылып, бара-бара ишмердигин кеңейтип, англисче, французча, испанча жана арабча берүүлөрдү чыгара баштаган. Литва жана Латвия өңдүү өлкөлөрдө каналдын ишине тыюу салынган.
Дагы караңыз
Кыргызстанда CASA-1000 долбоорунун курулушу уланууда "Сбербанкка" саякат жана санкция санаасыКулубаев: 27 миң мигрантты Орусиянын "кара тизмесинен" чыгаруу каралуудаNext TVнын директорунун иши боюнча сот прокурор барбаганына байланыштуу башка күнгө которулдуКыргызстандын 744 жараны Украинанын аймагынан чыгарылып, 556сы Бишкекке жеткирилди