Коронавируска каршы 6 миллион 168 миң дозадан ашык вакцина алынды

Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдын маалыматына караганда, Кыргызстанга коронавируска каршы 6 млн. 168 миң 200 доза вакцина алынды.

Былтыр март айында эмдөө өнөктүгү башталгандан бери 3 млн. 571 миң 443 доза вакцина колдонулду, 267 миң дозадан ашыгы жараксыз болуп, азыркы тапта 2 млн. 329 миң 179 доза вакцина калды.

Бюджеттин эсебинен жалпы 2 млн. 460 миң дозаны мамлекет сатып алды. Калган вакцина гуманитардык жардам менен келди. Август айында эл аралык COVAX тутумунун алкагында Pfizer вакцинасынын 100 629 дозасы келери күтүлүүдө.

18-24-июль аралыгында өлкөдө коронавирус жуктуруп алгандардын расмий саны миңден ашкан. Алардын 21и ооруканада, калганы үйүнөн дарыланып жатат.

COVID-19 вирусун жугузуп алган алгачкы расмий учур Кыргызстанда 2020-жылдын мартында катталган. Андан бери расмий эсеп боюнча инфекция 200 миңден ашуун кыргызстандыкка жукту, алардын 3 миңге чукулу көз жумду. Ооруну жугузуп алгандар жана каза болгондор Бишкекте эң көп катталган.

Дарыгерлер соңку эки аптадан бери Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган бейтаптар кайра көбөйүп, бул илдеттин оор формасынан коргонуу үчүн эмдөөдөн өтүү зарылдыгын эскертип жатышат.

Пандемия башталгандан бери Кыргызстанда 201 414 адам коронавирус илдетине чалдыккан. 3 миңдей адам оорудан көз жумган. (BCh)

Дагы караңыз

Үркүн окуясын эскерген кезектеги жөө жүрүш уюштурулатAI: талибдер ооган кыз-келиндеринин жашоосун талкалап жатат13 жаштагы кызга байланыштуу соттук териштирүүлөр уландыВладимир Зеленскийге Уинстон Черчилл атындагы сыйлык ыйгарылды