AI: талибдер ооган кыз-келиндеринин жашоосун талкалап жатат

Кабул шаары. 19-июль, 2022-жыл

"Талибандын" (Кыргызстанда тыюу салынган) адам укуктарын "муунткан" кадамдары оогандык кыз-келиндердин өмүрлөрүн талкалап жатат. Ушундай мазмундагы баяндаманы Amnesty International (AI) эл аралык укук коргоо уюму шейшембиде жарыялады.

Докладдын авторлору былтыркы сентябрдан быйылкы июнга чейин ооган аялдарынын абалын иликтеп чыгып, 90 аялды жана 11 өспүрүм кызды сөзгө тарткан.

Эл аралык коомчулук былтыр бийликти кайрадан басып алган талибдердин өкмөтүн таанууну четке кагып, адам укуктарын урматтоого чакырып келатат. АКШ жана өнөктөштөр миллиарддаган доллар жардамын токтоткон жана Ооганстандын улуттук банк эсептерин убактылуу тоңдуруп койгон.
Башында өзүн 1996-2001-жылдарга караганда байистүү кылып көргөзүүгө аракеттенген кыймыл кыздардын жетинчи класстан кийин мектепке баруусуна, аялдардын иштөөсүнө тыюу салган, кыз-келиндер паранжы кийип жүрүүгө милдеттендирилген, өкмөт жалаң эркектерден куралган.

Amnesty International талибдердин тушунда үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган аялдар корголбой калганын, кымындай эреже бузуулар үчүн кыз-келиндерди кармоо, секелек кыздарды күйөөгө берүү учурлары көбөйгөнүн белгилейт.

Докладдын авторлору өз укуктарын тынч коргоп чыккандар кармалып, куугунтукка, кыйноолорго учураганын, айрым учурларда дайынсыз жоголгонун жазышты.

Баяндамада айтылгандай, ооган кыз-келиндери жашоонун ар бир тармагында дискриминацияга, репрессияларга туш болууда, аларды “муунтуу” күндөн-күнгө күчөп жатат.

Укук коргоочулар эл аралык коомчулукту оогандык аялдар менен кыздарды коргоо үчүн чара көрүүгө үндөдү.

Дагы караңыз

Владимир Зеленскийге Уинстон Черчилл атындагы сыйлык ыйгарылдыАба ырайы: айрым облустарда 40 градустан жогору ысык болотҮркүн окуясын эскерген кезектеги жөө жүрүш уюштурулатӨзбекстан эмгек мигранттарын Орусияда жумуш тандоодо этият болууга чакырды