13-14-августта Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда Улуу Үркүн окуясын эскерген кезектеги жөө жүрүш болот. Уюштуруучулардын айтымында, жөө жүрүштүн (трекинг) катышуучулары Тосор айылынан беш чакырым аралыктагы Кыргын-Сай деген жерге барып, ошол жердеги 1916-жылдагы кыргындын курмандыктарын эскеришет.
Иш-чаранын ачылышына президенттин Ысык-Көлдөгү ыйгарым укуктуу өкүлү, өкмөттүн, Жогорку Кеңештин өкүлдөрү чакырылды. Жүрүштү “Тосор коому” ушуну менен экинчи жыл уюштуруп жатат.
Демилгечилер тарыхчылардын изилдөөлөрүнө таянып билдиришкендей, 1916-жылы кеч күздө дал ушул Кыргын-Сай деген жерде орус падышачылыгынын жазалоочу аскерлери алардан жашынып кетип бараткан бүтүндөй бир айыл элди колго түшүрүп, мыкаачылык менен өлтүрүшкөн.
Айрым маалыматтарда 150, айрымдарында 300-500 адам жок кылынганы айтылып жүрөт.
“Тосор коомунун” алгачкы эскерүү жүрүшү туура бир жыл мурда өткөн. Трекинг түрүндө уюштурулган акцияга 50 чакты адам катышкан, алар жалпысынан 27 чакырым жерди жөө басып өтүшкөн.
Кыргызстанда август айынын биринчи жума күнү 1916-жылдагы Үркүндүн курмандыктарын эскерүү датасы катары аныкталган. Үркүн окуялары Кыргызстанда 7-8-ноябрда да Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүндө эскерилет.
1916-жылы Кыргызстандын эгемендиги үчүн улуттук-боштондук көтөрүлүш кандуу басылган соң орус падышачылыгынын жазалоочу кошуундарынын мыкаачылыгынан Нарын, Чүй жана Ысык-Көлдөгү кыргыздардын көпчүлүгү Кытай тарапка качууга аргасыз болгон.
Айрым тарыхчылардын айтымында, бул кайгылуу окуялардан улам аймактагы кыргыздардын калк саны дээрлик 40% азайган.
Көпчүлүк тарыхчылар бул каргашалуу окуядан улам бери дегенде 120 миң кыргыз набыт болгонун, башка да казак, дунган, уйгур улутундагы далай көтөрүлүшчүлөр өмүрүнөн ажыраганын белгилешет.
Совет учурунда, өзгөчө 1950-80-жылдары, улуттук боштондук көтөрүлүш жана Үркүн тууралуу чыныгы маалыматты жашыруу саясаты жүргүзүлүп, бул окуяларга объективдүү баа берилген эмес.
2017-жылы «Азаттык» радиосу Үркүндүн 100 жылдыгына арналган «Үркүн. Кылымдар унуткус кыргын» деп аталган эскерүүлөр топтомун басып чыгарган.
Быйыл Үркүндүн курмандыктарын эскерүү жүрүшүн “Эсимде” изилдөө аянтчасы да уюштурганы жатат. Жүрүш август айынын биринчи жумасына пландалууда. Анын алкагында катышуучулар 1916-жылдагы трагедияга байланышкан тарыхый жерлерди кыдырышат. Чүй өрөөнүнөн башталган жүрүш Ысык-Көлдүн күңгөйү менен тескейин аралап, Сырт өрөөнүнө, кандуу окуялар болгон, адамдарды атып өлтүрүшкөн, тарыхты баяндаган жазуучулардын китептеринде жазылган жана жергиликтүү тургундар оозеки айтып жүргөн аймактарга барат. (RK)
Дагы караңыз
Борбор Азиядан Орусияга ташылган долларӨзбекстан эмгек мигранттарын Орусияда жумуш тандоодо этият болууга чакырдыБийликти сындаган блогердин камак мөөнөтү дагы бир айга узардыЧехия-Германиянын чек ара аймагында токойлор өрттөнүп жатат