Кытайдын тышкы иштер министри Ван И Бишкекке келет

Жээнбек Кулубаев жана Ван И.

Кытай эл республикасынын тышкы иштер министри, Мамлекеттик кеңештин мүчөсү Ван И жакынкы күндөрү Кыргызстанга расмий сапары менен келет. Бул тууралуу маалыматты Кытайдын Тышкы иштер министрлиги 26-июлда өзүнүн расмий сайтына жайгаштырды.

Анда Ван И Бишкекке Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин чакыруусу менен келатканы айтылган.

Ван И 28-29-июлда Өзбекстанда өтө турган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин кеңешинин кезектеги жыйынына катышары да маалымдалган.

Борбор Азияга сапарынын алкагында Ван И Өзбекстанга, Кыргызстанга жана Тажикстанга бул мамлекеттердин тышкы иштер министрлери Жээнбек Кулубаевдин, Владимир Норовдун жана Содрижидин Мухриддиндин чакыруусу менен расмий сапар жасамакчы.

Шанхай кызматташтык уюму 2001-жылы 15-июнда Кытай, Орусия, Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстан тарабынан түзүлгөн. 2017-жылы уюмга Пакистан менен Индия кошулган. Акыркы ирет ШКУнун саммити 2021-жылы 17-сентябрда Тажикстандын борбору - Дүйшөмбү шаарында өттү, анда "Талибан" кыймылы бийликке келгенден кийинки Ооганстандагы кырдаал талкууланган. (КО)

Дагы караңыз

Орусияда 39 кыргызстандык изделүүдөКыргызстанда ар бир телефон каттоодон өтөтОрусия прокуратурасы КМШ жарандары орус армиясына каршы согушканына камтама