Иран: уран байытууну көзөмөлдөгөн камералар келишим түзүлмөйүнчө күйгүзүлбөйт

Ирандагы станция. Архивдик сүрөт

Иран 2015-жылкы өзөктүк келишимди калыбына келтирүү сүйлөшүүлөрүндө мунаса табылмайынча, Атомдук энергетика боюнча эл аралык уюмдун (МАГАТЭ) камералары күйгүзүлбөйт деп эскертти.

Сөз болгон камералар көп тараптуу келишимге ылайык, Тегеран өзөктүк курал чыгаруу үчүн уранды байытууда деген ырастоолордун чын-төгүнүн көзөмөлдөө максатында орнотулган.

"Тасним" кабар агенттиги Ирандын вице-президенти, өлкөнүн атомдук мекемесинин төрагасы Мохамед Эсламиге шилтеме берип жазгандай, АКШ келишимден бир тараптуу чыгып кеткенден кийин макулдашуу ыдырагандан кийин камералар кабыл алынгыс болуп калды.

“Ал камералар өзөктүк келишимге байланыштуу орнотулган. Батыш документке кайтса, биз алар бизге зыян келтирбейт деп ишенсек, анда камералар боюнча чечим кабыл алабыз”, - деп айтты Эслами.

Ислам жумурияты камералардын бир бөлүгүн июнда өчүрүп салган.

Иран менен алты дүйнөлүк держава (Британия, Кытай, Франция, Германия, Орусия жана АКШ ) 2015-жылы түзгөн келишимге ылайык, Тегеран өзөктүк ишмердигин чектеп, бул үчүн экономикалык санкциялар жеңилдетилмек.

Вашингтон келишимден 2018-жылы чыгып кетип, жазалоочу чаралар кайра киргизилген. Иран андан кийин өзүнө алган айрым милдеттенмелерден баш тарткан.

Жакында Тегеран сөз болгон макулдашууну сактап калууга дале мүмкүнчүлүк бар деп билдирген.

Тиешелүү сүйлөшүүлөр апрелден бери токтоп турат.

Батыш Иран өзөктүк куралдын үстүнөн тымызын иштеп жатканын, Тегеран болсо өзүнүн программасы тынчтык максаттарын гана көздөй турганын билдирип келет.

Дагы караңыз

Кытай космос станциясына модулду ийгиликтүү учурдуКыргызстандык спортчулар акыркы жарым жылда 117 медал уттуКыргызстанда авариялык абалдагы мектептердин саны 240тан ашты26-июлдун аба ырайы