Акыйкатчы институтунун демилгеси менен түзүлгөн жумушчу топ соңку беш жылдын ичиндеги жоокерлердин өлүмүн, армиядагы зордук-зомбулукту иликтейт. Ошондой эле бул жааттагы улуттук жана эл аралык мыйзамдарды жана тажрыйбаны иликтеп чыгып, сунуштарды даярдайт. Кыргыз армиясы уруп-согуу, чоңсунуу жана адам өлүмү менен аяктаган окуялардан арыла элек.
Акыйкатчы Атыр Абдрахматова өткөн айда Кой-Таш аскер бөлүгүндөгү жоокердин өлүмү, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аскер кызматкеринин ур-токмокко алынышы, Нөөмөт жана күзөтүү департаментинин аскер кызматкеринин ооруканага түшүп калган өңдүү окуялардан кийин мекемелер аралык жумушчу топ түзгөн. Ага Омбудсмен институтунан сырткары Башкы прокуратуранын, Саламаттык сактоо министрлигинин жана Кыйноолорго каршы улуттук борбордун жана "Кылым шамы" өндүү укук коргоо уюмдарынын өкүлдөрү кирген.
Аталган жумушчу топ 22-июлда биринчи жыйынга чогулду жана анда Атыр Абдрахматова кыргыз армиясындагы адам укугун коргоо жаатында чаралар көрүлүшү керектигин айтты.
“Аскерлердин кызмат өтөп жатып өлүмгө учурашы, суицидке барышы жана ур-токмоктолушу, “дедовщина” деген түшүнүктүн сиңип калышы, бул аскердик тармактагы абалдын начардыгынан кабар берет. Мындай окуялар улана берсе, ата-энелер уулдарын аскерге жиберүүдөн баш тартат, анда мекенди кимге ишенебиз, ким бизди коргойт?".
Жумушчу топ соңку беш жылдын ичиндеги аскерлер өлүмүн, өзүнө өзү кол салды деген фактыларды, зордук-зомбулукту талдап чыгат. Ошондой эле аскер бөлүктөрүн кыдырып, жоокерлер жана алардын ата-энелери арасында сурамжылоо жүргүзөт. Андан сырткары суицид, чоңсунуу, кыйноолордун алдын алуу жаатында сунуштарды даярдайт. Соңунда улуттук жана эл аралык мыйзамдарды, тажрыйбаны изилдеп чыгып, укуктук-ченемдик актыларды жакшыртуу демилгесин көтөрөт.
Дагы караңыз Жаш жоокердин сырдуу өлүмүКыйноолорго каршы улуттук борбордун башчысы Бакыт Рысбековдун билдиришинче, армиядагы зомбулукка байланыштуу жыл башынан бери үч арыз түштү. Ал кыргыз армиясын аксаткан бир катар себептерди белгиледи:
"Эң биринчиден, бул - командирлердин сапаты. Экинчиден, алардын ишти канчалык деңгээлде мыйзамга жана уставга жараша алып барганында. Командирлер уставга жараша иш алып барса эле көп терс көрүнүштөр болбойт болчу. Андан кийин ички тартиптин жоктугу, жетекчилердин ички тартипти орното албаганы. Андан сырткары офицерлерди окутуп даярдоодо адам укугунун баалуулуктары тууралуу толук, жетиштүү түшүндүрүлбөгөнү болуп жатат".
Ушул айдын башынды Бишкектин четиндеги Кой-Таш аскердик бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан жоокер каза болгон. Коргоо министрлиги бул жоокер сакчылык кызматта турганда кокусунан өзүн атып алып мерт болгонун билдирген. 22 жаштагы Элдияр Жайлообековдун үй-бүлөсү кокустук тууралуу жоромолду четке кагып, жоокер кыйноого кабылышы мүмкүн экенин айтып чыккан. Маркумдун тууганы Бердигул Дыйканбаев дыкат текшерүүнү талап кылып келет.
"Туугандар болуп сөөктү көрүп чыктым. Маңдайы тешик экен, бирөө башынын арткы капталы, үчүнчүсү төбөсүндө тешик экен. Оң жагындагы кулагы аябай көгала экен. Менимче ошол жерге катуу сокку жеген. Өткөндө эле бирөө аман калды деп жатышат. Биздики болсо өлүп калды. Ошолорго ким жооп берет? Ушуну изилдеп, ачыкка чыгарып берсин".
Мындан бир айдай мурун Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Беловодское айылындагы аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан 20 жаштагы жоокер Бекзат Эсенбековдун сабалышы катуу талкуу жараткан. Анда жоокердин табарсыгы жарылып, операция жасалганы белгилүү болгон жана кылмышка шектүү камакка алынган. Бул окуяны Аскер прокуратурасы иликтеп жатат, азырынча жыйынтыгын жарыялай элек.
Жыл башында Баткен облусунун Лейлек районундагы Кулунду айылында жайгашкан Ички иштер министрлигинин аскер бөлүгүнүн бир жоокери мерт болгон. ИИМ анда "маркумду кызматташы курал менен ойноп атып кокусунан атып алды" деп маалымдаган. Окуянын чоо-жайы жана себептерин иликтөөнүн жыйынтыгы жарыялана элек.
"Кылым шамы" укук коргоо уюмунун адвокаты Агзам Дүйшөналиев армиядагы абалды оңдоо уландарды аскерге чакыруу маалынан тартып башталышы керектигин айтты.
"Балдарды армияга чакырып жатканда аскердик-медициналык комиссиядан өтөт. Ошол комиссия алардын саламаттыгын, ден соолугун үстүртөн эле текшерип койбогондой болушу керек. Экинчиден, армияга чакырылган балдардын жана алардын ата-энелеринин социалдык укугу түшүндүрүлбөй жатат. Муну аскер комиссариаттары түшүндүрүшү керек эле. Азыр аскерде жүрүп майып болуп калган, жараат алган, каза болгон учурлар болуп жатат. Майып болгон жоокерлердин кенемте алууга укугу бар. Кенемтенин көлөмү келишимдик негизде кызмат өтөгөн жоокердин оклады менен бааланышы керек. Менин тажрыйбамда мындай учурларда кенемтени кызмат өтөгөн жоокерлер алган айлык менен баалап, ошону эле төлөп берип койгон учурлар болгон. Биз соттошуп, тиешелүү кенемтени өндүртүп бергенбиз. Мисалы жоокердин оклады 400 сом болсо, келишимдик негизде кызмат өтөгөн аскердики болжол менен жети-сегиз миң сом".
Соңку жылдардагы бир катар иликтөөлөр кыргыз армиясы зордук-зомбулук, чоңсунуу өңдүү уставга жат көрүнүштөрдөн, жоокер өлүмү менен аяктаган каргашадан арыла электигин көрсөткөн.
Президент Садыр Жапаров 29-майда Куралдуу күчтөрдүн 30 жылдыгына арналган иш-чарада армияга жетиштүү көңүл бурулат деп ишендиргенге аракет кылган.
"Биз эл аралык кырдаал ыкчамдык менен өзгөрүп жаткан маалда жашап жатабыз. Дүйнөнүн ар кайсы региондорунда болуп жаткан куралдуу чыр-чатактар божомолго сыйбаган масштаб жана кесепеттер менен мүнөздөлүп жатканына жалпыбыз күбө болуп турабыз. Маалыматтык жана үгүт иштери менен катар, куралдуу күрөштү жүргүзүүнүн аскердик эмес башка ыкмалары да басымдуулук кылып жатканы байкалууда. Ошондуктан, азыркы шарт Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты мындан ары да өркүндөтүүнү талап кылууда. Меймандостугу менен таанымал Кыргызстаныбыз өзүнүн аскердик саясатын өзүн-өзү коргоо жана коргонууга жөндөмдүүлүгүн арттыруу принциптеринин негизинде түзө турганын баса белгилеп кетейин. Өлкөбүздүн улуттук коопсуздугун камсыз кылуу үчүн Куралдуу Күчтөрдү чыңдоо – эң башкы милдетибиз".
Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, 2020-2021-жылдары ондой жоокер жанын кыйган. Ал эми 2019-жылы Кыргызстанда аскерде жүрүп каза болгон 13 жоокердин өлүмү суицид катары бааланган. Андан сырткары зордук-зомбулукка байланыштуу бир катар фактылар катталган.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.