Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешoв Жетим-Тоо кенин иштетүү боюнча эч кандай сөз жок экенин айтты. Президенттин облустагы өкүлүнүн басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, Эргешев бул тууралуу 21-июлда Ат-Башы районунун эли менен жолугушуу учурунда билдирген.
“Жетим-Тоо - бул элдин байлыгы. Кенди иштетүү боюнча эч кандай сөз жок”, - деди Эргешев.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 8-апрелде "Азаттыкка" курган маегинде Кумтөрдөн түшкөн кирише башка кендерди иштетүүгө жумшаларын, арасында Нарындагы Жетим-Тоо темир кени да бар экенин билдирген.
Жергиликтүү айрым тургундар аталган кенди иштетүүгө каршы чыгып келишет.
Садыр Жапаров 2020-жылы премьер-министр болуп турганда Жетим-Тоодо 50 миллиард тоннадай темир кени бар экенин айтып, аны иштетүү ниетин билдирген. (TSh)
Дагы караңыз
Ысык-Көлдө теплоходдон чыккан өрт өчүрүлдүПрезидент улуттук наркты калыбына келтирүү зарыл экенин билдирдиЗеленский казак президентине Украина боюнча позициясы үчүн ыраазычылык айттыАКШ Украинага кезектеги аскердик жардамын жөнөтөтУкраина: Кировоградск облусундагы ракеталык аткылоодон үч киши өлдү