Ысык-Көлдө теплоходдон чыккан өрт өчүрүлдү

Социалдык тармактарда тарап жаткан сүрөт.

Ысык-Көлдүн Булан-Сөгөтү айылында "Альбатрос" деп аталган теплоходдун кыймылдаткыч бөлүгүнөн өрт чыккан. Өрт өчүргүчтөр жеткичекти отту теплоходдогулар өз алдынча өчүрүшкөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдады.

“Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар жок. Кемедеги жүргүнчүлөр жергиликтүү пансионаттын кызматкерлери тарабынан эвакуацияланган. Өрттүн келип чыгуу себеби учурда такталууда”, - деп айтылат мекеменин басма сөз кызматынын маалыматында.

Учурда Ысык-Көлдө эс алуу сезону кызуу жүрүп жаткан мезгил. Аймакка жергиликтүү эмес, чет өлкөдөн дагы эс алууга келишет. Кыргызстанда аптаптуу аба-ырайынан өрт көп катталууда. (TSh)

Дагы караңыз

Президент улуттук наркты калыбына келтирүү зарыл экенин билдирдиЗеленский казак президентине Украина боюнча позициясы үчүн ыраазычылык айттыАКШ Украинага кезектеги аскердик жардамын жөнөтөтУкраина: Кировоградск облусундагы ракеталык аткылоодон үч киши өлдүАктивистке улут аралык кастыкты козутуу боюнча кылмыш иши козголду