Казакстандын борборунда коронавируска байланыштуу чектөөлөр кирди

Казакстандын борбору Нур-Султан шаары. Иллюстрациялык сүрөт.

COVID-19 вирусун жуктургандардын саны өскөнүнө байланыштуу Казакстандын борбору Нур-Султанда карантиндик чаралар күчөтүлдү. Шаардын башкы санитардык дарыгеринин токтомуна ылайык, 23-июлдан тартып эл көп чогулган жерлерде медициналык беткаптарды кийип жүрүү сунушталды.

Токтомдо белгиленгендей, сунуштар соода-көңүл ачуучу борборлорго, кинотеатрларга, калкты тейлөө борборлоруна, автобекеттерге, үстү ачык эмес базарларга, коомдук транспортторго берилди.

Мындан сырткары кош бойлууларга, COVID-19га каршы вакцина ала албагандарга жана коронавирусту жуктургандар менен байланышта болгондорго аралыктан иштөө керектиги айтылды. Он адамдан ашык катышуучусу бар чогулуштарды да онлайн-форматта өткөрүү максатка ылайык болору белгиленди.

Коронавирус ыкчам тарап жатат деген “сары зонада” өлкөнүн борбору гана бар. Республикалык маанидеги башка шаарлар жана аймактар “жашыл зонада” турат. Өткөн аптада Алматы шаары да “сары зонада” болчу. Анда шаардын бийлиги жашоочуларга жабык жайларда жана коомдук транспорттордо беткап кийип жүрүүгө кеңеш беришкен.

Казакстанда эпидемиологиялык кырдаал оорлоп баратканы тууралуу кабарлар июндун аягынан бери чыга баштаган. Ага чейин, марттан июндун аягына чейинки мөөнөттө өлкөдө күнүнө 100дөн гана учур катталып турган.

Казакстандын Саламаттык сактоо министрлиги 22-июлда кабарлагандай, соңку суткада өлкөдө коронавирус 2480 киши вирусту жуктурганы аныкталды. Анын миңге жакыны борбор шаарда. Жалпы республикада пандемия башталгандан бери COVID-19га кабылган 1 326 190 учур такталган. (ErN)

Дагы караңыз

Индияда экинчи жолу аял президент шайландыАба ырайы: жаан жаабайтТИМ эки президент кол койбой калган келишим тууралуу түшүндүрдүТаласта мектеп директорлугуна тандаган сынакта төрт талапкердин үчөө өтпөй калды