Бишкек шаарынын көчөлөрүндө мыйзамсыз иштеген 35 соода түйүнү жабылды. Мэриянын басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, шаардык жана райондук тийиштүү кызматтар "Ынтымак" жана "Ынтымак-2" сейил багында рейд өткөргөн.
"Көчөдө соода-сатык менен алектенгендер электр станцияларына мыйзамсыз туташып, шаардын бюджети жана электр энергиясы чыгымга учурап жатат", - деп айтылат маалыматта.
Бишкектеги бир катар эс алуу жайларында ондогон күркөлөр соода-сатык менен алектенет. Алардын көбү жер салыгын, ижара акысын төлөшөт.
Кыргыз өкмөтү экономиканын 40% көмүскөдө калганын, ошону алып чыгуу аракети көрүлүп жатканын айтып келет. (КЕ)
Дагы караңыз
Аба ырайы: жаан жаабайтТИМ эки президент кол койбой калган келишим тууралуу түшүндүрдүТаласта мектеп директорлугуна тандаган сынакта төрт талапкердин үчөө өтпөй калдыМинистр Казакстанга суу келишимде көрсөтүлгөн көлөмдө гана берилип жатканын айтты