Чоң-Алайда жер силкинди

21-июлда саат 17:23тө Тажикстанда очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Жер титирөө Чоң-Алай районунун Ачык-Суу айылында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

2017-жылы болгон жер титирөөдө Чоң-Алай районунда, Баткен облусунун Кадамжай районунда жүздөгөн үйлөрдөн жарака кетип, ондогон үй авариялык абалга келген. (КЕ)

Дагы караңыз

Кыргызгидромет: күн бир жума катуу ысыйтАнкара украин данын экспорттоо келишимине кол коюларын билдирдиКыргызстан менен Тажикстан суу ресурстарын пайдалануу ишин жандантатЕвробиримдик Орусияга айрым товарларды жеткирүүгө уруксат берди