Кыргызстан менен Тажикстан суу ресурстарын пайдалануу ишин жандантат

Садыр Жапаров жана Эмомали Рахмон.

Кыргызстан менен Тажикстан чек ара аймактарындагы трансчек аралык дарыялардын суу ресурстарын ич ара натыйжалуу пайдалануу жана бул багытта кызматташууну жандантат.

Бул маселелер 21-июлда эки өлкөнүн президенттери Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында жолуккан учурда талкууланды.

Мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушуу жүрүшүндө кыргыз-тажик эки тараптуу кызматташтыгы талкууланып, өкмөттөр аралык комиссиянын, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын ишин активдештирүү макулдашуусу жетишилди.

Тараптар суу ресурстарын колдонуу боюнча эки тараптуу маселелерди кароо жаатында ведомстволор аралык кыргыз-тажик жумушчу тобунун ишин улантуу чечимине келишти.

"Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон эки мамлекеттин жана эки элдин ортосундагы ынак коңшулук мамилелерди чыңдоо максатында саясий диалогду үзгүлтүксүз улантуунун маанилүү экенине токтолуп, тараптардын кызыкчылыктарын эске алып, маселелерди саясий-дипломатиялык сүйлөшүү аркылуу тынчтык жолу менен чечүү зарылдыгын белгилешти", - деп айтылат маалыматта.

21-июлда Чолпон-Ата шаарында Борбор Азия мамлекет башчыларынын төртүнчү консультативдик жолугушуусу өттү. Анда биргелешкен билдирүү кабыл алынды.

XXI кылымда Борбор Азияны өнүктүрүү максатында достук, ынак коңшулук жана кызматташтык жөнүндө келишимге Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Өзбекстан жана Казакстандын мамлекет башчылары Шавкат Мирзиёев менен Касым-Жомарт Токаев кол койду.

Тажикстан менен Түркмөнстандын президенттери "өз өлкөлөрүндө ички процедуралар аяктагандан кийин" кол кое турганы кабарланды. (КЕ)

Дагы караңыз

Евробиримдик Орусияга айрым товарларды жеткирүүгө уруксат бердиАКШ президенти Жо Байден коронавирус жугузуп алдыИранда имараттын урашы боюнча 20 киши айыпталдыАКШнын чалгын кызматы Украинада Орусиянын 15 миңдей жоокери өлгөнүн маалымдады