Казакбаев: Борбор Азияга күчтүү саясий-экономикалык бирикме керек

Руслан Казакбаев.

Мурдагы тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Чолпон-Ата шаарындагы Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын саммити тууралуу пикирин билдирди. Ал "Азаттыкка" комментарий берип жатып, аталган аймакта күчтүү саясий бирикме болушу керектигин белгиледи.

"Бул саммит Борбор Азиядагы бардык лидерлер үчүн маанилүү. Бизди жалпы тарыхыбыз, каада-салтыбыз, керек болсо динибиз бириктирип турат. Жайгашкан аймагына жараша геосаясий ролу, кадыры дагы өсүп атат. Келечекте Борбор Азия бардык жагынан, саясий-экономикалык, транспорт, энергетикалык камсыздоо, коопсуздук жаатында геосаясатта көпүрө болуу мүмкүнчүлүгү бар. Бул кеңешмени алгач түзгөндө эле бара-бара саясий бирикмеге айландыруу пландары болгон. Ал кадам-кадам болуп ишке ашып келе жатат деп ойлойм. Бул саммит акыркы үч жылдан бери ар кандай себеп менен Кыргызстанда өтпөй келген. Дүйнөдө жаңы түзүлүш, процесстер келатат, жаңы саясий түзүлүш тууралуу сөз болууда. Жаңы чакырыктар болуп жатат. Борбор Азияда келечекте саясий-экономикалык, керек болсо коопсуздук жактан күчтүү бирикменин болушу бул аймактагы өлкөлөр үчүн пайдалуу. Ушундай иш-чаралар чек ара, жер-суу деген сыяктуу эки тараптуу алака-катыштагы маселелерди чечүүгө дагы өбөлгө болот", - деди Казакбаев.

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Борбор Азия мамлекет башчыларынын төртүнчү кеңешмеси өттү. Ага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстандын президенттери Садыр Жапаров, Касым-Жомарт Токаев, Шавкат Мирзиёев, Эмамоли Рахмон жана Сердар Бердымухамедов катышты.

Консультативдик жолугушуусунун жыйынтыгында жыйынтыктоочу документтер кабыл алынды. Чөлкөмдүн лидерлери биргелешкен билдирүү кабыл алышты.

Казакстандын жана Өзбекстандын лидерлери Кыргызстанга 20-июлда келген. Калган эки президентти Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров "Ысык-Көл" эл аралык аэропортунан бүгүн, 21-июлда тосуп алды.

Жыйындын алкагында президент Садыр Жапаров айрым президенттер менен көзмө-көз жолугушары да айтылган.

Дагы караңыз

Жапаров: Кыргызстандын сууну топтоо жана сактоо аракеттери өз баасын ала элекКаракалпакстанда өзгөчө абал режими алындыЧолпон-Ата саммити Борбор Азиянын ынтымагын чыңдайбы?