Чолпон-Ата шаарында 21-июлда өтө турган Борбор Азия мамлекет башчыларынын төртүнчү кеңешмесине катышуу үчүн Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов Кыргызстанга келди.
Аны "Ысык-Көл" эл аралык аэропортунан Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.
40 жаштагы Сердар Бердымухамедов быйыл март айында өлкөнү 16 жыл башкарган атасы Гурбангулы Бердымухамедовдон кийин бийликке келген. Бул анын Кыргызстанга алгачкы сапары.
Казакстан жана Өзбекстандын президенттери Касым-Жомарт Токаев менен Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга кечээ, 20-июлда келген. Жыйынга катышуу үчүн Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедовдун да келери күтүлүп жатат.
Чолпон-Атада өтчү Борбор Азия лидерлеринин төртүнчү кеңешмесинде чөлкөмдүн беш мамлекети достукту, ынак кошуналыкты жана кызматташтыкты чыңдоо боюнча жаңы өнөктөштүк келишимине кол коеру күтүлүүдө. (КЕ)
Дагы караңыз
Сот Жээнбековдун жардамчысын күнөөлүү деп таптыКыргызстанга Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон келдиУКМК чек ара бекеттериндеги тыгындын себебин түшүндүрдүBloomberg: Гаага соту Орусияга каршы алгачкы иштерди кышында карайт