Сот Жээнбековдун жардамчысын күнөөлүү деп тапты

Айсулуу Кудайбердиева.

Бишкектин Биринчи май райондук соту саясатчы Равшан Жээнбековдун жардамчысы Айсулуу Кудайбердиеваны 2019-жылы чек арадан туура эмес өткөнү үчүн күнөөлүү деп тапты.

Бирок жоопкерчиликке тартуунун мөөнөтү өткөнүнө байланыштуу жазадан бошотулду. Бул тууралуу анын адвокаты Бакытбек Автандил Фейсбук баракчасына жазды.

"Айсулуу чек арачыга паспортун көрсөтүп, Тажикстан менен чек арадан мыйзамдуу түрдө өткөн. Айыптоо тарап анын чек арадан мыйзамсыз өткөнү боюнча эч кандай далил келтире алган жок", - деп жазган жактоочу.

“2019-жылы чек арадан туура эмес өткөн” деген айып менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) козгогон ишти Бишкектин Биринчи май райондук соту 14-февралда карай баштаган.

27 жаштагы Кудайбердиева атайын кызмат козгогон бул ишти бурмалоо деп атап, “Жээнбековдун саясий иштерине жардам бергеним үчүн бир нече ай УКМКнын басымына жана куугунтугуна дуушар болуп келем” деп билдирген.

УКМК Кудайбердиеванын мындай айыптоолоруна жооп бере элек.

Адам укугу боюнча Европа институтунун студенти Айсулуу Кудайбердиева буга чейин дагы атайын кызматта бир нече жолу суракта болгон.

Оппозиционер саясатчы Равшан Жээнбеков 2019-жылы Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып, камакка алынган. 2020-жылы парламенттик шайлоодон кийинки башаламандык учурунда бошотулган. Бирок "үй камагынын талаптарын бузду" деген негизде 2021-жылдын август айында кайра №1 тергөө абагына камалган.

Камакка алынышын саясий ишмердиги менен байланыштырган саясатчы абактан 2021-жылдын 27-декабрында бошотулган. (КЕ)

Дагы караңыз

УКМК чек ара бекеттериндеги тыгындын себебин түшүндүрдүBloomberg: Гаага соту Орусияга каршы алгачкы иштерди кышында карайтЧолпон-Атада Жапаров, Токаев жана Мирзиёевдин бейформал жолугушуусу өттүСаммитке байланыштуу Тамчы-Чолпон-Ата жолуна убактылуу чектөө киргизилет