"Жалал-Абад тазалык" шаардык муниципалдык ишканасы жаңы техника менен толукталды. Бул тууралуу 20-июлда шаар мэриясынан билдиришти.
Жалпы баасы 28 миллион сомго бааланган таштанды ташыган төрт машинадан тышкары 11 миллион сомдук 300 контейнер алынды.
Жергиликтүү бийлик жалпы сумманын 40 пайызын, калганын "Жаратылышты өнүктүрүү фонду" каржылады.
Буга чейин ишканага быйыл жазында да төрт машина сатылып берилген.
72 миң абонентти тейлеген "Жалал-Абад тазалыкта" 30 машина бар. (TB)
Дагы караңыз
Чолпон-Ата саммити Борбор Азиянын ынтымагын чыңдайбы?Министрлик ЖОЖдорду бириктирип, эркиндик беретКыргызстан Орусия менен эсептешүүсүндө толук бойдон орус рублине өттүБишкек-Балыкчы: Люкс вагон кошулган поезд каттай баштайт