Путин Тегеранда Ирандын жана Түркиянын лидерлери менен жолукту

Али Хаменеи жана Владимир Путин

Орусиянын президенти Владимир Путин Тегеранда Ирандын президенти Ибрагим Раиси, Ирандын жогорку лидери Аятолла Али Хаменеи жана Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолукту.

Тараптардын кездешүүсүндө негизги тема Сириядагы кырдаалды жөнгө салууга байланыштуу болду. Орусия менен Иран анда авторитардык президент Башар Асад баштаган борбордук бийликти колдосо, Түркия өлкө түндүгүндөгү куралдуу оппозицияны сүрөп келет. Сүйлөшүүлөрдө Украинадагы согуш темасы да кеп болду.

Түркия НАТОнун мүчөсү экенине карабай Орусияга каршы санкцияларды колдогон эмес, ошол эле маалда Украинага курал жеткирип жатат. Анкара Москва менен Киевдин ортосунда арачы катары түшүп, украин дан азыктарын деңиз аркылуу чыгарып кетүү боюнча сүйлөшүүлөрдү уюштуруп берип жатат.

Тегерандагы расмий жетекчилер согушта Орусияны ачык жактап чыккан дүйнөдөгү саналуу лидерлерден болуп калды. Батыш өлкөлөрү Иран Москвага учкучсуз учактарды жеткирет деп күмөн санап жатат. Тегеран муну төгүндөдү. Путин менен жолугушуудан кийин Хаменеи Москва айтып келген тезистердин бирин кайталап, “эгер Украинадагы согушту Орусия баштабаса, НАТО баштамак” деген пикирин айтты.

Владимир Путиндин сапарынын алдында орусиялык "Газпром" ирандык Улуттук мунайгаз компаниясы (NIOС) өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол коюшту. Анда 40 млрд. долларлык инвестициялык долбоорлор каралганы маалымдалды.

Иран дагы Орусия сыяктуу Батыштын катаал санкцияларынан чыга албай келет. Орусиянын изоляцияга алынышынын фонунда эки өлкөнүн жогорку аткаминерлери кызматташууну кеңейтүү жөнүндө байма-бай айта баштады. Соңку сүйлөшүүлөрдөн кийин тараптар террорчулук менен биргелешип күрөшүүнү улантарын жарыялашты. Путин менен Эрдоган дан азыктары боюнча сүйлөшүүлөрдө жылыш болгонун билдиришти. (ErN)

Дагы караңыз

Кыргызстан Орусия менен эсептешүүсүндө толук бойдон орус рублине өттүБишкек-Балыкчы: Люкс вагон кошулган поезд каттай баштайтСадыр Жапаров Борбор Азияда атаандаштык эмес, кызматташтык маанилүү экенин айтты