Президент Садыр Жапаров Борбор Азия өлкөлөрү ортосундагы соода-экономикалык мамиле атаандаштык эмес, бирин бири толуктап турчудай болушу керек деп эсептейт. Бул тууралуу ал бүгүн 20-июлда Чолпон-Атада Казакстандын, Тажикстандын, Өзбекстандын тышкы иштер министрлери Мухтар Тлеуберди, Сирожиддин Мухриддин, Владимир Норов жана Түрмөнстандын Кыргызстандагы элчиси Шадурды Мередов менен жолугушууда айтты.
Президент Кыргызстан товар жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүүнү, чет өлкөлүк түз инвестиция тартууну жана кооперацияны өнүктүрүүнү маанилүү деп эсептей турганын белгиледи. Аймактагы ар бир өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө багытталган соода-экономикалык, энергетикалык, транспорттук жана башка кызматташтык жалпы Борбор Азияда туруктуулукту, коопсуздукту, тынчтыкты жана өркүндөп өнүгүүнү камсыз кылуунун бекем пайдубалы экенин кошумчалады.
Жолугушууда президенттердин саммитинде карала турган маселелер боюнча пикир алмашуу болду.
21-июлда Чолпон-Атада Борбор Азия лидерлеринин жыйыны өтөт. (RK)
Дагы караңыз
Чоң-Алайда аюу кол салган чек арачынын өлүмү иликтенип жататКымырылган акча Казакстанга кайта баштадыАймактарды өнүктүрүү фонддоруна бюджеттен 822 миллион сом бөлүндү "Ихсандын" камалган жетекчисин бошотууну талап кылган акция өтүүдө