Чоң-Алайда аюу кол салган чек арачынын өлүмү иликтенип жатат

Иллюстрациялык сүрөт.

Чоң-Алайда аюу кол салган чек арачынын өлүмү иликтенип жатканын 20-июлда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Чек ара кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, окуя 19-июлда Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Түштүк Бокбашы ашуусунда болгон.

Мамлекеттик чек араны кайтаруу учурунда жоокерге капысынан аюу кол салган. Ага алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөн, бирок алган жарааты оор болгондуктан өмүрүн сактап калуу мүмкүн болбой калган.

Маркум 20 жашта болчу, ал аскердик кызматты келишимдик негизде аткарып жаткан.

Дагы караңыз

Аймактарды өнүктүрүү фонддоруна бюджеттен 822 миллион сом бөлүндү "Ихсандын" камалган жетекчисин бошотууну талап кылган акция өтүүдөЕвропа асфальтты эриткен аптапты көрдүДүйшөбаев Ташиевдин оппозиция тууралуу айтканына карата пикирин билдирди