Аймактарды өнүктүрүү фонддоруна бюджеттен 822 миллион сом бөлүндү

Иллюстрациялык сүрөт.

Быйыл жыл башынан бери Кыргызстанда аймактарды өнүктүрүү фонддорун каржылоого республикалык бюджеттен дээрлик 822 миллион сом бөлүндү. Бул тууралуу 20-июлда журналисттерге маалымат берип жатып каржы министри Алмаз Бакетаев билдирди.

Анын айтымында, быйыл бюджетте аймактарды өнүктүрүү боюнча фонддорду түзүү маселеси коюлган. Ошонун негизинде область, район жана райондук деңгээлдеги шаарларга тиешелүү фонддор түзүлгөн. Быйылкы жылга бюджеттен жалпысынан 2,1 миллиард сом ушул фонддорго каралууда.

Кыргызстанда жети облус, 44 район, 32 шаар жана 453 айыл өкмөтү бар. (RK)

Дагы караңыз

"Ихсандын" камалган жетекчисин бошотууну талап кылган акция өтүүдөЕвропа асфальтты эриткен аптапты көрдүДүйшөбаев Ташиевдин оппозиция тууралуу айтканына карата пикирин билдирди Бишкек мэри менен башкы архитектордун тиреши