Милиция Ысык-Көлдөгү калайман мушташ боюнча маалымат берди

Ысык-Көл. Иллюстрациялык сүрөт.

Ысык-Көлдө кум жээкте кайрадан калайман мушташ чыкты. Окуяны чөнтөк телефонго тартып алгандар видеосун Интернетке чыгарып, мушташ 19-июлда “Каприз” эс алуу борборунда эс алуучулардын жана жергиликтүү тургундардын ортосунда чыкканын жазышты.

Ал эми Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы мушташкандар уруша кеткен бир туугандар экенин, чыр милиция барганга чейин жайгарылганын жана алар бири-бирине арыз жазуудан баш тартышканын билдирди. Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, факт Ысык-Көл райондук ички иштер башкармалыгынын электрондук журналына каттоого алынды.

30-июнда көл жээгиндеги “Радуга” эс алуу борборунда да кум жээкте эркектер мушташып, Кылмыш-жаза кодексинин “Ээнбаштык” беренесинин негизинде иш козголгон жана бир киши камакка алынган. (RK)

Дагы караңыз

Орусия Украинанын Краматорск шаарын кайрадан ракета менен аткыладыКыргызстандык мигранттар үчүн Жапонияга жол ачылды "Ажырашсаң өлтүрөм". Күйөөсү бычактаган келиндерСаясий кризистерден улам Пакистандын валютасы күчүн жоготту