Болот Темировдун сотунда айыптоочу тараптын күбөлөрү көрсөтмө берүүдө

Болот Темиров.

Бишкектин Свердлов райондук сотунда бүгүн, 19-июлда иликтөөчү журналист Болот Темировдун соту уланды. Журналисттин айтымында, бүгүнкү отурумда айыптоочу тараптын документ маселеси боюнча күбөлөрү көрсөтмө беришти.

Темиров ден соолугуна байланыштуу сотту башка күнгө которууну өтүнгөнүн, бирок күбөлөрдүн бири алыскы Казармандан келгендиктен отурумга катышууну чечкенин айтууда:

«Ал Башкы штабдын кызматкери экен. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) сурамы боюнча текшерүү жүргүзүп, аскердик билет Керимбековго тиешелүү деп жооп берген экен. Бирок тийиштүү мөөнөт өтүп кеткендиктен анын аскердик билети архивде жок деп айтышты”.

Темировду жана аны менен иштешкен төкмө акын Болот Назаровду милиция быйыл 23-январда кармап, чет жакка чыкпоо тууралуу тилкаттын негизинде кайра бошоткон. Ошол эле күнү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев журналисттерге брифинг уюштуруп, мамлекетке зыян келтирбегенин жана коррупцияга аралашпаганын айткан.

Анын алдында Болот Темировдун “Ютубдагы” Temirov LIVE каналына жемкорлук тууралуу иликтөө жарыяланып, анда Ташиевдин аты аталган.

Темировго жана Назаровго карата иш Кылмыш-жаза кодексинин “Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү, маңзатты мыйзамсыз даярдоо” беренеси менен козголгон. Темировго паспорт, аскер билетин мыйзамсыз алуу, чек арадан мыйзамсыз өтүү жана баңги зат боюнча төрт иш козголуп, алар баары бириктирилип каралууда. Тергөөнүн материалдарында Темировдун аскердик билети Орусиянын жараны Адылбек Керимбековго таандык экени жазылган.

Журналист мыйзам бузбаганын айтып, бул иштерди куунутук деп мүнөздөп келет.

УКМК жана Ички иштер министрлиги (ИИМ) журналистке бут тозуу болуп жатканын четке каккан. Президенттин басма сөз кызматы бийлик иликтөөчү журналисттерге колдоо көрсөтөрүн билдирген.

Төкмө акын Болот Назаров "Ютуб" каналына жемкорлукту ашкерелеген чыгармаларын жарыялап келет. (RK)

Дагы караңыз

Киев тыңчылык кылгандардын артынан түштүОрусия украин журналисти Дмитрий Гордонго издөө жарыяладыКаракалпакстандагы акцияларда өлгөндөрдүн саны 21ге жеттиТеатр сыртында жаңырган классика