Токаев түзгөн комиссия чет жакка чыгарылган 230 млрд. теңгени кайтарганын маалымдады

Казакстандын теңгеси менен АКШ долларынын сүрөттөрү.

Казакстанда чет өлкөгө мыйзамсыз чыгарылган каражатты кайтаруу боюнча мекемелер аралык атайын комиссия бир айдын ичинде 230 млрд. теңгени (478 млн. доллар) мамлекетке кайтарганын маалымдады. Комиссия ошондой эле “кылмыштуу кирешелерден алынган деген белгилери бар” бул иштерди Башкы прокуратура иликтеп жатканын билдирди.

Фактылар боюнча биринчи президент Нурсултан Назарбаевдин маркум инисинин уулу Кайрат Сатыбалды, анын мурдагы аялы Гүлмира Сатыбалды, экс-президенттин тун кызы Дарига Назарбаеванын мурдагы кудасы Кайрат Боранбаев, экс-президенттин кичүү кызы Алия Назарбаева менен байланышкан “Оператор РОП” компаниясынын жетекчилери шек саналып жатат.

Мекемелер аралык комиссия мындан сырткары “Казактелеком”, “Транспорттук сервис борбору”, “Акмолит” компанияларындагы 200 млрд. теңгелик акциялар жана каражаттар мамлекетке кайтарылганын кабарлады.

Президент Касым-Жомарт Токаев тиешелүү комиссияны түзгөнү тууралуу маалыматты бийлик 5-июнда Казакстанда Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өтүп жаткан кезде тараткан. Акордо түшүндүргөндөй, башкы прокурор жетекчилик кыла турган комиссия казак жарандары чет өлкөгө чыгарып кеткен акчаны кайтарып келүү боюнча "комплекстүү жумуштарды" жүргүзөт. Комиссиянын биринчи отуруму 10-июнда Токаевдин жетекчилиги менен өткөн. (ErN)

Дагы караңыз

ИИМ: “Ихсан” боюнча башка да шектүүлөр изделүүдө"Ынтымактын" куурап бараткан бак-дарактары калыбына келтирилүүдө"Дождь" телеканалы жарым-жартылай эфирге кайттыCOVID-19: Жаңы 88 учур катталды