"Дождь" телеканалы жарым-жартылай эфирге кайтты

"Дождь" телеканалынын мурдагы кеңсесинде тартылган сүрөт.

Орусиялык "Дождь" телеканалы 18-июлдан тартып өзүнүн көрсөтүүлөрүн жарым-жартылай жандантып жатат. Бул тууралуу каналдын башкы директору Наталья Синдеева “Холод” басылмасына кабарлады.

Анын сөзүнө караганда, биринчи этапта телеканалдын Youtube каналында кечки эфирлер жана башка автордук программалар чыга баштайт. Толук эфирлер күз айларында кайрадан чыгат.

Орус аскерлери Украинага кол салгандан бир аптадан кийин, 1-мартта Орусиянын Башкы прокуратурасынын талабы менен Роскомнадзор Украинадагы согушту бийликке жакпаган позицияда чагылдырганы үчүн "Дождь" телеканалынын сайтын жапкан болчу. 3-мартта телеканал ишин токтоткон.

Жамаатка коркутуулар болгондон кийин башкы редактор жана журналисттердин бир бөлүгү Орусиядан чыгып кеткен. Телеканал 6-июнда Латвияда эфирге чыгуу укугун алды.

"Дождь" телеканалы биринчи жолу эфирге 2010-жылы чыккан. Ал Орусиядагы окуяларды калыс чагылдырган көз карандысыз медиа катары белгилүү болгон жана көбүнчө коомдук-саясий темаларды чыгарчу. Кийинчерээк аны бийлик кабелдик жана спутниктик операторлордун трансляциясынан чыгарып салган. Украинада 2017-жылы бөгөттөлсө, Орусияда ал 2021-жылы “чет элдик тыңчы” деп жарыяланган.

"Дождь" телеканалы Украинадагы окуяларды ачык эле "согуш" деп атап, Орусиянын бийлигин сындап келген. (ErN)

Дагы караңыз

Блогерлерди милицияга чакыруунун себеби айтылдыБалдар үйүнө каралашкан британиялык ыктыярчылар ИИМ: “Ихсан” боюнча башка да шектүүлөр изделүүдөCOVID-19: Жаңы 88 учур катталдыИндияда президенттик шайлоо башталды