19-июлдун аба ырайы

Ысык-Көл.

19-июлда түнкүсүн Кыргызстандын аймагында жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде, Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана калган жерлерде жаан-чачын жаабайт. Түштүк-батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 15...20, күндүз 32…37;

Талас жергесинде түнкүсүн 11...16, күндүз 29…34;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 20…25, күндүз 33…38;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 13...18, күндүз 24...29;

Нарын облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 26…31;

Бийик тоолордо түнкүсүн 0…5, күндүз 10…15 градус.

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 19…21, күндүз 35…37 градус болот.

Чолпон-Атада жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 14…16°, күндүз 24…26° болот.

Дагы караңыз

Кара-Кулжанын эки айылына 45,84 млн. сомго таза суу чыгарылдыКарыз кайтарылууда - Кыргызстан коңшу өлкөлөргө электр кубатын берүүдө Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттери Чолпон-Атага чогулатБала бакчанын кызматкери алты баланы сүзүп алды