Чолпон-Атада бильярд боюнча Дүйнө чемпионаты өтүп жатат

Бильярддын “Эркин пирамида” түрү боюнча чоңдор арасында Дүйнө чемпионатынын ачылыш аземи. 16-июль, 2022-ж. Чолпон-Ата шаары. 

Кечээ, 16-июлда Чолпон-Ата шаарындагы «Газпром-балдарга» дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо борборунда бильярддын “Эркин пирамида” түрү боюнча чоңдор арасында Дүйнө чемпионаты башталды. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалыматына караганда, чемпионатка 20га жакын өлкөдөн, 200дөй спортчу катышып жатат. Мелдеш 20-июлга чейин уланат.

Буга чейин дал ушул «Газпром-балдарга» комплексинде 12-16-июль күндөрү 19 жашка чейинкилер арасында дүйнө биринчилиги жыйынтыкталган.

Оюндарды КТРК Спорт телеканалы түз эфирде көрсөтөт.

Чемпионаттын салтанаттуу ачылыш аземине Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, Эл аралык пирамида конфедерациясынын президенти, Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты Павел Завальный баштаган коноктор катышты.

Дагы караңыз

Жиу-житсу күрөшү: Муртазалиев күмүш медаль тагындыОшто "Биринчи турак жай" кооперативинин башчысы камалды Казинону шылтоо кылып шариятка ыктоо туура эмес...Винницадагы ракеталык соккунун кесепети. Үрөй учурган кадрлар Аламүдүн базарында мурдагы аялын бычактаган эркек кармалды

уларга ийгилик каалашты. (ECh)