Сот саламаттык сактоо министринин кеңешчисин абакта калтырды

Мээрим Тилекова.

Кызматтан убактылуу алынган саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин кеңешчиси Мээрим Тилекованын бөгөт чарасы бүгүн, 15-июлда Каракол шаардык сотунда каралып, анын абактагы мөөнөтү 11-августка чейин узартылды. Бул тууралуу Тилекованын жактоочусу Кайсын Абакиров “Азаттыкка” билдирди.

Мээрим Тилекованын бөгөт чарасы 28-июнда Ысык-Көл облустук сотунда каралып, абакта калган. Жакындары анын ден соолугу начарлап кетти деген негизде үй камагына чыгарууну өтүнгөн. Ага чейин Каракол шаардык соту 15-июнда аны бир айга камоо тууралуу чечим чыгарган.

Тилекова Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин (опузалап пара алуу) негизинде кармалганын 17-майда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы ырастаган. Ага карата тергөө жүрүп жатканын маалымдаган.

12-майда Жети-Өгүздө медайымдардын кесиптик майрамына карата кафеде иш-чара өткөнүн, мурда орун басарынын катчысы болуп иштеп кеткен Тилекованы УКМК кызматкерлери ошол жерден кармап кетүүгө аракет кылганын, ага карата күч колдонуу коркунучу болгонун “Азаттыкка” министр Алымкадыр Бейшеналиев билдирген.

13-майда УКМК Ысык-Көл облусунун саламаттык сактоо боюнча координатору 100 500 сом пара алып жаткан жеринен кармалганын жарыялаган. Министр ал акчаны медайымдар кафеге чогултканын билдирген. (TSh)

Дагы караңыз

"Дастан" заводу банкроттуулук жөнүндө кабарларга жооп кайтардыКыргызстан Интерпол аркылуу 650дөн ашык кишини издегенПольшада Экинчи дүйнөлүк согушта сөөк көмүлгөн жайлар табылдыЖогорку окуу жайларына кабыл алуу беш айлампа менен өтөт