Төө-Ашуудагы тоннелде кайрадан чектөөлөр киргизилет

Кусеин Көлбаев атындагы тоннел. "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынын сүрөтү.

Бүгүн, 15-июлдан 17-июлга чейин Бишкек-Ош жолундагы Төө-Ашуу тоннелинде автоунаалардын жүрүүсүнө убактылуу чектөө киргизилет. Тоннел электр зымдарынын алмаштырылып жана шамалдаткыч системанын оңдолуп жатканына байланыштуу күнүнө бир нече саатка жабык болот. Бул тууралуу "Кыргызавтожол" ишканасы маалымдады.

5-июлдун кечинде тоннелдин ичинде Lexus 470 автоунаасы өрттөнүп, ичиндеги эки адам коопсуз жайга чыгарылган. Машиненин өрттөнүп кетишине ага жакында эле орнотулган газ жабдыгы себеп болушу ыктымалдыгы айтылган.

Тоннелдин эки тарабы тең убактылуу жабылып, кийин ачылган. 10-июлга чейин маал-маалы менен жабылып турган.

Кусеин Көлбаев атындагы тоннел - Бишкек-Ош жолундагы жана жалпы эле Кыргызстандагы тоо тешкен тоннелдердин эң узуну. Анын узундугу үч чакырымга жакын. Деңиз деңгээлинен 3200 метр бийиктикте жайгашкан.

Тоннелдин курулушу 1957-жылы башталып, 1964-жылы аяктаган. 1999-жылы Түштүк Кореянын “Самсунг” компаниясы аны реконструкциялаган.(ZKo)

Дагы караңыз

Бишкек шаардык соту зордуктоо иши боюнча чечимге түшүндүрмө бердиАпсатаровдун кызматтан кетиши талкууну күчөттү АКШ менен Израилдин лидерлери “Иерусалим декларациясына” кол коюштуУкраинанын Запорожье облусунда Орусияга кошулуу референдуму сунуш кылындыАскердик кылмыштарга айыпталган ирандык жаран Швецияда өмүр бою камалдыАжыкулов: Бийлик ачыктыкка өзгөчө көңүл буруш керек