Жарандык активист Адил Турдукулов репортаж тартуу үчүн Украинага барган. Ал карапайым калктын жашоо-турмушу Орусия басып киргенден кийин кантип өзгөргөнүн, жакындарынан айрылгандардын кайгысын, колуна курал алып тууган жерин коргоп жаткан адамдардын үмүт-тилегин көрсөтүүнү көздөйт.
"Азаттыкка" курган маегинде Адил Турдукулов Украинадагы жагдайды кыргызстандыктын көз карашынан баяндап берди.
- Украинага кантип барганыңызды айтып берсеңиз, ал жерден эмнелерди тарттыңыз?
- Биздин көздөгөнүбүз – Украинадагы согуштун жүрүшүн чагылдыруу эмес. Ансыз деле азыр көпчүлүктүн көңүлү урушка бурулуп, согуштук аракеттер тынбай көрсөтүлүүдө. Биз ал жерде жашаган жөнөкөй адамдардын, айрыкча Борбор Азиядан баргандардын Украинадагы жашоосу кандай болуп жатканын көрсөтүүнү максат кылганбыз. Алар колунан келгенин жасап жатышат, буга мисалдар толтура. Алар тил, этнос жагынан эч кандай тоскоолдуктарга кабылган жок. Бирок орусиялык федералдык каналдар Украина тууралуу уккан адамды үрөйүн учура турган калптарды үзгүлтүксүз айтып келет.
- Ал жерде ашынган улутчулдар менен фашисттер жок деп айткыңыз келип турат окшойт?
- Алардын жок экенин мурда эле билчүмүн, барып өз көзүм менен көрүп, адамдар менен сүйлөшүп келейин дедим. Алардын мисалында уруш азабын көрсөтүүнү көздөдүм. Элдин көбү чет өлкөгө чыгып кетишиптир, бирок жерин таштабай калгандары деле аз эмес экен. Биз Одесса менен Киевде болдук, Буча менен Ирпенге баралы деп жатабыз. Себеп дегенде, ал жерде да кыргызстандыктар бар. Болгон баянды жаап-жашырбай көрсөтүп, согуш азабын тарткан украиндердин күндөлүк турмушун чагылдыралы деп жатабыз. Сыртынан карасаң кадимки эле күндөлүк турмушту, сүйлөшө келсең төгүлгөн көз жашты, айыккыс арман-муңду көрөсүң. Мунун баары – азап-тозок, кайгы, көз алдыңда турган ажал, күн сайын жаңырып турган коркунуч коңгуроосу, аяк-башы белгисиз туңгуюк, күйөөсү, бир туугандары майданга кеткендердин үмүттүү көз караштары эч кимди кайдыгер калтырбайт. Биздин дагы бир милдетибиз – ошондой адамдардын тарых-таржымалын көрсөтүү. Эл аралык маселелер боюнча эксперттер менен бир катар маектерди уюштурсакпы деген оюбуз бар. Алар бизге Украинадагы согуш боюнча Борбор Азиянын расмий позициясы тууралуу айтып беришмекчи.
Бул жерде расмий бийликтин эле эмес, коомчулуктун пикири дагы маанилүү. Биз ошондой эле Кыргызстан менен Украинанын ортосундагы мамиле-катнаштын тарыхын чагылдыра кетмекчибиз, ортолук байланыш-катнаштын тээ кылымдар түпкүрүнөн бери келаткан учугу бар. Төртүнчү тапшырмабызды деле айта кетейин, Тышкы иштер министрлиги жана куралдуу күчтөрдүн жетекчилери менен маек уюштуруу белгиленген. Алардын позициясын уккубуз келет: эмне болуп жатат, ушу тапта уланып жаткан урушта жана андан кийин алардын Борбор Азиядан күткөнү эмне, чөлкөмдүн позициясынын баасы менен баркы канчалык дегендей.
Дагы караңыз Кыргыз жарандарын украин согушуна ким азгырган?- Сиздер алгач баамга урунганды эмес тереңде жатканды көрсөтүүнү көздөп жаткан окшойсуздар?
- Туура, ошондой. Жолугушуулар жалаң эле эксперттик эмес, расмий деңгээлде да өтөт. Бул жерге Борбор Азиядан келген адамдардын турмуш-тиричилигин тартабыз. Ал адамдар этникалык кыргыздар, орустар, украиндер болушу мүмкүн. Анан бул жердеги жергиликтүү украиндердин турмушу аркылуу согуштун азап-тозогун, эл кыйын учурда кантип жашап жатканын реалдуу баяндар аркылуу көрсөтсөк дейбиз.
Бул ишке бел байлашымдын маани-маңызын чечмелей кетейин. Кыргызстанда, Борбор Азиянын башка өлкөлөрүндө жашаган кесиптештерим уруш жүрүп жаткан Украина бизден аябай эле алыста, анын бизге дегеле тиешеси жок деген пикирлерди көп угушат. Буга карата менин пикирим таптакыр башкача, анан да менин жарандык позициям биз алыспыз, согуш апааты бизди кыйгап өтөт деген жооткотууну кабыл албайт, согуштун суук илеби бизге деле тийиши мүмкүн.
Мен бул алаамат тууралуу ачык айтып, колдон келишинче көрсөтүү керек деп эсептейм, уруш көз карандысыздыгы менен суверендүүлүгүн коргогон элге каршы жүрүүдө. Анан да Кыргызстан калкы деле дал ушундай баалуулуктарды баарынан жогору коёт деп ойлойм.
- Украинада Борбор Азиядан баргандар көп бекен?
- Албетте, Орусияга салыштырмалуу азыраак, негизи көп эле. Ушул жерден бир маанилүү өзгөчөлүктү айта кетейин деп турам, бул жерде биздин жердештер кара жумушта иштебейт. Көпчүлүгү иши жүрүшкөн азаматтар. Башка өлкөдө өзүн көрсөтүү канчалык күчтү, энергияны, анан да өзгөчө шык-жөндөмдү талап кылары белгилүү. Мисалы, биз Одессадан Жалал-Абаддан келген Кумарбекке жолуктук. Бул жерде билим берүү тармагында иштеп, Киев менен Одессада мектептерди ачыптыр. Одессада анын мектептерин эң мыкты билим берет деп эсептешет экен, ал мектептерге өтүп окуу өзгөчө кадыр-барк деп саналат экен. Биздин максат – мына ушунун баарын көрсөтүү. Уруш болуп жаткан жерде ушундай иштер болуп жатканын жарыя кылсак дейм. Фронттогу абал, аскерлердин иш-аракети кандай болуп жатканын көрсөтпөйбүз. Согуш өлкөдөгү жөнөкөй, жигердүү адамдардын планын кантип өзгөртүп, жок кылып жатканын көрсөтүүнү ойлоп жатабыз.
- Алдыга озуп сиздер айтчу тарых-таржымалды эртелеп сурагым келбейт. Сиздерден даяр репортаждарды күтөбүз. Тактоо иретинде суроо бергим келет жана сөз башында Кыргызстанда жүргөндө Украинада эмнелер болуп жатканы тууралуу позициям бар деп кеттиңиз. Ал жердеги иш үстүндө мүмкүн, өзүңүз үчүн жаңы бир нерселерди ачып алгандырсыз?
- Мага бул жерде көргөнүмдүн баары эле жаңылык болуп жатат. Биринчи келишим. Чоң ачылышым украиндердин бой көтөрбөгөн жөнөкөйлүгү, ачыктыгы болду. Алар оболу адамды карап, анан кийин анын кесиби кандай, улуту ким экенине маани беришет экен. Мунусу биринчи эле баамга урунганы, маданияты бай экендиги сезилип турат, анысы айрыкча көп улуттун өкүлдөрү байырлаган Одессада аябай билинет экен. Чынымды айтайын, жаңы барганда орусча сүйлөсөм баары тескери карап, жооп бербей коюшабы деп чочулагам. Бирок андай болбоду. Баары бири-бири менен орусча сүйлөп жүрүшөт.
Эки күндөн бери биз ушул жердебиз, ага чейин Одессада болдук. Ал жерден Киевге келдик. Турмуш дегениң өтө берет экен, азыр бомбаланган соода борборунун жанында турабыз. Адамдар жаныбыздан өтүүдө, аскер ишине деле тиешеси жок жарандык объект. Эми элестетип көрүңүз, европалык ири шаардын чок ортосундагы аскердик ишке кымындай тиешеси жок соода жайына бомба ташталганын. Тыптыйпыл талкаланган имаратты көргөндө ким да болсо чочулабай койбойт.
Дагы караңыз Украин согушунда бүдөмүк жагдайда каза тапкан кыргыз жарандары- Силер менен сүйлөшкөн адамдардын Кыргызстанга карата мамилеси кандай экен?
- Чынын айтсам, карапайым украиндердин арасында Кыргызстанды билгендери аз. Мындай кийинки милдетим - ошол Кыргызстанды жакшы билбеген украиндерге менин өлкөм деле силердин Украинадай жарандык коом менен эсептешет, саясатты бийлик өзү билип эле аныктап коё албайт, биздин коңшу мамлекеттерде, Орусияда бийлик эле баарын тергеп-тескесе, бизде коом саясаттын кыймылдаткычы экенин айтып түшүндүрүү. Башкача айтканда, жарандык коом менен медиа өлкөнүн саясий күн тартибин аныктайт. Мен азыр аны Украинадан да көрүп жатам. Мына ушул окшоштукту кыргыз жана украин аудиториясына жеткирсемби дейм.