Ташкент - Бишкек аба каттамы көбөйдү

Иллюстрациялык сүрөт.

Быйылкы июль айынан тартып Ташкент-Бишкек багытындагы аба каттамы боюнча учак аптасына төрт ирет уча баштады. Мурда каттам жумасына эки жолу болчу.

"Манас" аэропортунун басма сөз кызматы кабарлагандай, аталган багыттагы каттам дүйшөмбү, шаршемби, бейшемби жана ишемби күндөрү учуп жатат.

Каттамды Өзбекстандын "Узбекистон хаво йуллари" аба компаниясы жүргүзүүдө.

2017-жылдан тартып жанданган Бишкек-Ташкент багытындагы аба каттамы пандемия учурунда токтоп, кийинчерээк кайра жанданган.(ZKo)

Дагы караңыз

Бурятия, Тыва: жакындары согушка тартылган аялдар акцияга чыкты 63 өлкөдөгү саясий партиялар Атамбаевге байланыштуу кайрылуу жасаштыПрезидент "жалкоо" кадрлардан арылуу маалы келгенин билдирдиСадыр Жапаров: Саясий оюндар бүттү, "крыша" болгонду токтоткула Өзбекстандык келинге балдарын мекенине алып чыгуусуна тыюу салындыБУУ: Украинадан 9 миллиондон ашуун адам чыгып кетти