Украин армиясы өлкө түштүгүндө каршы чабуулун баштады

Абадан аткыланган көп кабаттуу үй. Часов Яр шаары. Украина. 10-июль, 2022-жыл.

Украин күчтөрү 12-июлда орустардын карамагындагы Новая Каховка шаарындагы курал-жабдык кампасына сокку урган.

Жыйынтыгында душмандын 52 аскери, гаубицалар, минометтор жана башка техника жок кылынганы кабарланды. Херсон облусунун Кремль дайындаган аскердик-жарандык администрация башчысы Влардимир Леонтьев чабуулду "террордук акт" деп атап, андан жети жай тургун мерт болгонун, 80ден ашууну жараат алганын кабарлады.

Эки тараптын тең билдирүүлөрүн бейтарап текшерүү мүмкүн эмес.

Новая Каховка баскынчылардын карамагындагы Херсон шаарынан 55 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Москва украин аскерлеринин каршы чабуулунда АКШнын HIMARS артиллериясы колдонулганын айтып чыкты. Украин коопсуздук кеңешинин катчысы Алексей Данилов "Азаттыктын" украин кызматына "чет өлкөлүк өнөктөштөрү берген жогорку тактыктагы курал-жарактар Орусия басып алган аймактарды бошотууну тездетерин" билдирди.

Өлкө чыгышындагы Часов Яр шаарында Орусиянын аба чабуулунун бутасы болгон көп кабаттуу үйдүн 45 тургуну набыт болду. Донецк облусунун башчысы Павел Кириленко урандылардын 80% тазаланганын билдирди.

Украинанын президенти Владимир Зеленский орус армиясы соңку эки суткада өлкө аймагына 34 ракеталык сокку урганын, ондогон адамдар каза тапканын билдирди.

Орусия видео далилдерге карабай, карапайым тургундарга сокку урганын четке кагып, бир гана аскердик обьектилерди бутага алганын билдирүүдө.

Орус күчтөрү "атайын аскердик операция" деген жүйө менен 24-февралда Украинага басып кирди. Беш айга чукулдаган согушта эки тараптан тең аскерлер жана жайкын тургундар арасында миңдеген курмандыктар катталды. БУУнун эсебинде, 7 миллиондой адам Украинаны таштап чыгып кетти.

Дагы караңыз

Кыргызстанда жол кыймылын одоно бузгандардын жоопкерчилиги күчөтүлөтМектеп директорлорун сынак менен тандоо тууралуу жарлык чыкты Путин Тегеранда Ирандын жана Түркиянын президенттери менен жолугатУкраина “Дрондордун армиясын” түздү13 жаштагы кыздын зордукталышы: сот жабык өттү"Дөө Чыңгыздын" карааны: Күч органдарынын алын сынаган операция