Токтакунов: "Чөйрө" платформасы идеяларды күтөт

Германиядагы кыргыз програмисти Азамат Токтакунов.

Чет жактагы жигердүү кыргыз жарандарынын башын бириктирген "Чөйрө" платформасы Кыргызстандын ар кыл тармактарына салым кошууну көздөгөн идеяларды жана жарандарды күтөт. Бул тууралуу аталган платформанын негиздөөчүсү, Германияда иштеген кыргызстандык программист Азамат Токтакунов Люцерн шаарында өтүп жаткан "Чөйрө-2022" форумунда билдирди.

Анын айтымында, “Чөйрө” платформасынын алкагында Кыргызстанда ондогон акысыз долбоорлор ишке ашырылып жатат. Алардын арасында кыз-келиндерге IT тармагында акысыз билим берген “Чырак”, дүйнө жүзүндөгү кыргызстандык дарыгерлер онлайн-консультация берген MedJardam сыяктуу долбоорлор бар. Бул долбоорлордун көбү бири-бирин жүзмө-жүз көрбөгөн, дүйнөнүн булуң-бурчунда онлайн форматта иштеген кыргызстандыктардын жардамы менен ишке ашырылган.

“IT тармагынын жардамы менен Кыргызстанда түрдүү долбоорлорду ишке ашырсак болот”, - деп билдирди Токтакунов.

12-июлда Люцерн шаарында эки күндүк “Чөйрө-2022” форуму башталды. Ага Германия, Швейцария, Австрия, Чехия, АКШ жана Түркия сыяктуу бир катар өлкөлөрдө жашап иштеген ондогон кыргызстандыктар, IT адистери, кыргыз диаспораларынын лидерлери, ишкерлер катышууда. Ошондой эле форумга Кыргызстандан журналисттер жана жарандык активисттер барган.

“Чөйрө” форуму “Санариптик кылымдын чакырыктары – Кыргызстандын өнүгүүсүнө мүмкүнчүлүк” деген аталыш менен өтүп жатат. Эки күндүк иш-чаранын алкагында катышуучулар бири-бири менен тажрыйбасын бөлүшүп, мекендештердин Кыргызстандын ар кыл тармактарына салым кошуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу сөз кылышат.