Бүгүн, 12-июлда шаар мэри Эрнисбек Ормоков биринчи вице-мэр болуп дайындалган Нурбек Сатаровду эмгек жамаатка тааныштырып, иштерине ийгилик каалады.
Нурбек Сатаров 2021-жылы Ала-Бука районунун акими болуп дайындалган. Ага чейин 2020-жылы Ат-Башы районунун акими кызматын аркалаган.
Жалал-Абад шаарынын мурдагы биринчи вице-мэри Азамат Раматиллаев башка кызматка которулганына байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулганы кабарланган.(TB)