Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына караганда, июль айында бензиндин баасы 50 тыйындын айланасында төмөндөп, дизелдик күйүүчү майдын баасы бир сомго кымбаттады.
Маалыматка ылайык, июнь айынын орто ченинде А-95 үлгүсүндөгү бензиндин орточо баасы литрине 66 сом 16 тыйын болсо, июль айында 65 сом 82 тыйын болду. А-92 үлгүсүндөгү бензиндин баасы бир ай мурда 62 сом 50 тыйын болсо, июлда 61 сом 80 тыйынга түштү. Бул Бишкек шаарындагы баалар. Баткен облусунда А-95 үлгүсүндөгү бензин 70 сомдон, А-92 үлгүсүндөгү бензин 66 сомдон ашуун турат.
Бул аралыкта дизелдик күйүүчү майдын баасы орто эсеп менен бир сомго кымбаттады. Июнь айында 1 литр дизелдик майдын орточо баасы 64 сом 60 тыйын турса, июлда 65 сом 80 тыйынга чыкты. Баткен облусунун айрым райондорунда 1 литр дизелдик күйүүчү май 70 сомдон сатылууда.
Күйүүчү майдын баасы Кыргызстанда акыркы жарым жылда эки эсе кымбаттады. 2021-жылы, январда А-92 үлгүсүндөгү бензиндин 1 литри 35 сом болчу.
Статком күйүүчү майдын кымбатташына Украинадагы согуш, ага байланыштуу доллар курсунун туруксуздугу себеп деп маалымдоодо.(ZKo)
Дагы караңыз
Швейцарияда кыргыз жарандарынын эл аралык форуму башталатУкраинада ракета тийген турак жайдын алдынан отуздан ашык өлүк чыгарылдыНавальный коррупцияга каршы жаңы фонд түзүлгөнүн жарыяладыКиев украиндерге Орусия жарандыгын тездетүүгө уруксат берген жарлыкты айыптады