Казакстандык теннисчи кыз биринчи жолу Уимблдон мелдешин утту

Теннисчи Елена Рыбакина.

Казакстандык теннисчи Елена Рыбакина Британиядагы Уимблдон ачык чемпионатынын финалында тунистик Онс Жаберди жеңип алды. Ал "Чоң шлем" турнирлеринин жекеме-жеке беттештерин уткан алгачкы казакстандык спортчу болуп калды.

23 жаштагы Рыбакина ишембиде Лондон шаарындагы финалдык оюндун биринчи айлампасын уттуруп жибергени менен калган эки айлампаны бир топ артыкчылык менен (3:6, 6:2, 6:2) жеңип алды.

Анын атаандашы Онс Жабер "Чоң шлем" турнирлеринин финалына чыккан биринчи араб жана африкалык теннисчи айым болуп калды. Ал учурда дүйнөнүн 3-ракеткасы.

Елена Рыбакина теннисчи кыз-келиндердин арасында дүйнөдө 23-орунда турат. Ал Орусиянын баш калаасы Москва шаарында төрөлгөн. 2018-жылы казак жарандыгын алып, турнирлерге Казакстандын атынан катыша баштаган.

Уимблдон мелдешинин эркектер арасындагы финалы 10-июлда болот. Анда сербиялык теннисчи Новак Жокович менен австралиялык Ник Кирьос беттешет.

Дагы караңыз

Орусия Украинадагы чабуулун тынымсыз улантуудаЗордуктоого кабылган кызга бир күндө элден 340 миң сом чогулдуСиндзо Абэнин сөөгү үй-бүлөсүнө өткөрүлүп берилдиОрусиянын муфтийи Украинага каршы согушту ачык колдоп чыкты Шри-Ланкада митингчилер президенттин резиденциясын ээлеп алыштыG20: Башкы дипломаттар бир пикирге келе алышкан жок