Орусиянын муфтийи Украинага каршы согушту ачык колдоп чыкты

Талгат Тажуддин.

Орусиянын башкы муфтийи Талгат Тажуддин бүгүн 9-июлда Уфа шаарында Курман айтка карата сүйлөгөн сөзүндө Украинага каршы согушту ачык колдоп чыкты. Ал согушту аягына чыгаруу керектигин айтып, коңшу өлкөнүн тургундарын улутчулдар жана неонацисттер деп атады. Донбасста Украина геноцид жүргүзүп жатканын айтып, бул үчүн Кошмо Штаттарды күнөөлөдү, Батышты ич күйдүлүккө айыптады.

Тажуддин Орусияда бул өлкөнүн баскынчылыгын ачык колдогон жалгыз диний ишмер. Ал быйыл март айында дүйнө мусулмандары согушка каршы экенин, бирок Украинадагы аракеттер аргасыздык болуп жатканын айткан.

Буга чейин Орусиянын патриархы Кирилл орус аскерлерин актаган сөздөрдү айтып, Орусия эч кимге кол салбаганын белгилеген, бирок согушту ачык колдоп сүйлөгөн эмес.

Орусия өзү “атайын операция” деп атап жаткан Украинадагы согуштун айынан эки тараптан тең миңдеген аскерлер каза болууда, миллиондогон украин жарандары ар кайсы мамлекеттерде качкын болуп жан сактап жүрүшөт. (RK)

Дагы караңыз

Шри-Ланкада митингчилер президенттин резиденциясын ээлеп алыштыG20: Башкы дипломаттар бир пикирге келе алышкан жокОрусия Украинадагы чабуулун тынымсыз улантуудаБеш жогорку окуу жайдын макамын өзгөртүү сунушу талкууланды