Аянт-мечиттерде Курман айт намазы окулду

Бишкектин Эски аянты. 2022-жылдын 9-июлу.

Бүгүн 9-июлда Кыргызстанда Курман айт майрамы белгиленүүдө. Бардык мечиттерде майрамдык айт намазы окулду.

Эл эң көп чогулган айт намазы Бишкектин Эски аянтында өттү. Ага президент Садыр Жапаров, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган өлкө жетекчилиги да катышты.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу соңку эки жылда айт намазы борбордук мечиттерде окулбай келген. Ошондон бери алгачкы жолу быйыл 2-майда Орозо айт намазына байланыштуу негизги иш-чара Бишкектин Эски аянтында уюштурулуп, ага 35 миңдей адам чогулган.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Эски аянттагы айт намаз

Ички иштер министрлиги бүгүн коомдук коопсуздукту камсыздоо үчүн 8 миңдей милиция кызматкери күчөтүлгөн тартипте иштей турганын билдирген. (GT)

Дагы караңыз

Дүйнө лидерлери Абэнин өлүмүнө байланыштуу көңүл айтышуудаМигрант кыз-келиндерге психологиялык жардам берүү кызматы иштей баштадыПрезидент Жапаров Синдзо Абэнин каза болгонуна байланыштуу көңүл айтты13 жаштагы кыздын зордукталышы: сот жабык өттү