Энергетика министри Доскул Бекмурзаев Ысык-Көлдүн Сары-Жаз аймагындагы дарыяларга ГЭС каскадын курууга инвестор издеп жатканын маалымдады. Бекмурзаев Фейсбуктагы видео кайрылуусунда өлкө боюнча ГЭС куруунун ишке ашыра турчу долбоорлорду жеринен изилдеп жатканын айтты.
“Бийик тоолуу Сары-Жаз аймагында 1980-жылдары эле жалпы кубаттуулугу 1,1 миң мегаватт болгон үч ГЭСтин каскадын куруу боюнча иштер каралып баштаган. Курулуш иштери пландалып жаткан жердеги дарыя ачылмалары климаттык катаал шартта, кол жеткис жерлерде жайгашкан. Бирок бул шарттар бизди чочуткан жок”, - деди Бекмурзаев.
2021-жылы Энергетика министрлиги ноябрь айында чакан ГЭСтерди, күн жана шамал электр станцияларын курууну ниет кылган 20 компанияга күбөлүк берген.
Буга чейин министр өкмөт өз күчү менен Бала-Саруу ГЭСин кура баштаганын, мындан тышкары Орто-Токой, Сары-Жаз, Кара-Көл, Төрт-Күл гидроэлектростанцияларын куруу планы бар экенин айткан болчу.
Кыргызстанда жети ири гидроэлектр станциясы иштейт: Токтогул, Күрп-Сай, Шамалды-Сай, Таш-Көмүр, Үч-Коргон, Камбар-Ата-2, анан Ат-Башы. Алар өлкөдөгү электр энергиясынын 83% бир аз көбүн өндүрөт. ГЭС жабдууларынын 80% эскилиги жеткен.
Акыркы жылдары Токтогул суу сактагычындагы суунун аздыгынан Кыргызстан энергетикалык кризиске туш болду. (TSh)
Дагы караңыз
13 жаштагы кыздын зордукталышы боюнча сот 12-июлга жылдырылды13 жаштагы кыздын зордукталышы боюнча сот жабык өтүүдөӨспүрүмдү зордуктоого шектүүлөрдү бошоткон судья кызматын тапшырдыАкылбек Жапаров ККМ бардык ишкерге милдеттүү бойдон калганын билдирдиӨкмөт аэропортторду түркиялык компанияга башкарууга берүүдөн баш тартты