13 жаштагы кыздын зордукталышы боюнча сот жабык өтүүдө

Зомбулукка каршы соттун алдына акцияга чыккандар. 8-июль, 2022-жыл.

Бишкектин Свердлов райондук сотунда 13 жаштагы кызды зордуктоого айыпталган эки милиция кызматкеринин жана мурда соттолгон бир киши боюнча отурум жабык өтүүдө.

Соттун алдында балдарга жана аялдарга карата зордук-зомбулукту токтотуу талабын койгон акция өттү. Ага укук коргоочулар, жарандык активисттер катышып, колуна “Балдарыбыз үчүн коркуп жатабыз”, “Зомбулукту токтоткула!”, “Педофилияны токтоткула!” деген жазуусу бар плакаттарды кармап турушту.

Акцияга катышып жаткан укук коргоочулар Кыргызстанда балдарды коргоонун системасы жакшы иштебей жатканын айтууда.

2-июлда “Азаттык” милиция кызматкерлери секелекти зордуктоого шек саналып жатканы жөнүндө "Кызымды колдон колго өткөрүшкөн" деген макала жарыялаган. Анда Бишкектин Свердлов райондук сотунда 13 жаштагы кызды зордуктоого айыпталган эки милиционердин жана мурда соттолгон бир адамдын үстүнөн териштирүү жүрүп жатканы, ушул эле иш боюнча Биринчи Май райондук милициясы да бир кишинин ишин тергеп жатканы баяндалган. Кыздын ата-энеси айыптуулар жоопкерчиликтен кутулуп кетпейби деп кооптонууда.

Иш боюнча алгачкы сот отуруму Свердлов райондук сотунда 14-июнда болуп, жабыркаган тараптын өкүлдөрү суралгандан бери отурум үч жолу башка күнгө жылып келе жатат. (TSh\ZKo)

Дагы караңыз

Өспүрүмдү зордуктоого шектүүлөрдү бошоткон судья кызматын тапшырдыАкылбек Жапаров ККМ бардык ишкерге милдеттүү бойдон калганын билдирдиӨкмөт аэропортторду түркиялык компанияга башкарууга берүүдөн баш тарттыЗордуктоого кабылган кызга жардам чогултула баштадыТестиер кыздын зордукталышы боюнча сотту утурлай митинг өтүүдөКыргызстандын элчиси Жапониянын мурдагы өкмөт башчысына кол салууну айыптады