Тестиер кыздын зордукталышы боюнча сотту утурлай митинг өтүүдө

Акциянын катышуучулары.

Бүгүн 8-июлда Бишкектин Свердлов райондук сотунун алдында балдарга жана аялдарга карата зордук-зомбулукту токтотуу талабын койгон акция өтүүдө.

Ага укук коргоочулар, жарандык активисттер катышып, колуна “Балдарыбыз үчүн коркуп жатабыз”, “Зомбулукту токтоткула!”, “Педофилияны токтоткула!” деген жазууларды кармап турушат.

Бүгүн бул жерде зордуктоого кабылган 13 жаштагы кыздын иши боюнча отурум болот.

Акцияга катышып жаткан укук коргоочулар Кыргызстанда балдарды коргоонун системасы жакшы иштебей жатканын айтууда.

2-июлда “Азаттык” милиция кызматкерлери секелекти зордуктоого шек саналып жатканы жөнүндө "Кызымды колдон колго өткөрүшкөн" деген макала жарыялаган. Анда Бишкектин Свердлов райондук сотунда 13 жаштагы кызды зордуктоого айыпталган эки милиционердин жана мурда соттолгон бир адамдын үстүнөн териштирүү жүрүп жатканы, ушул эле иш боюнча Биринчи Май райондук милициясы да бир кишинин ишин тергеп жатканы баяндалган. Кыздын ата-энеси айыптуулар жоопкерчиликтен кутулуп кетпейби деп кооптонууда.

Иш боюнча алгачкы сот отуруму Свердлов райондук сотунда 14-июнда болуп, жабыркаган тараптын өкүлдөрү суралгандан бери отурум үч жолу башка күнгө жылдырылып келе жатат. Кезектеги отурум 8-июлга белгиленди. (ZKo)

Дагы караңыз

Талас: айыл тургундарын экиге бөлгөн курулуш Жапон медиасы экс-премьер-министр Синдзо Абэ каза болгонун жаздыКыргызстандын элчиси Жапониянын мурдагы өкмөт башчысына кол салууну айыптады  Зордуктоого кабылган кызга жардам чогултула баштады